www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына караштуу Биринчи май РИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, милициянын майору Д.М.К. кечээ, 9-сентябрда колго түштү. Аны ИИМдин Ички тергөө кызматы кармады.

Тергөөчүнүн маалыматына караганда, шектүү Аламүдүн районунун тургуну А.С.А.ны алдамчылык боюнча жоопкерчиликке тарта турганын айтып, коркутуп, андан 500 доллар жана улуттук элеменеттери бар кымбат сувенир опузалаган.

Аталган факт Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгү (Пара опузалоо) менен катталды. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости