www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак үй менен көк үйдөгү аткаминердин көбү билимине, акыл көрөңгөсүнө эмес, эшен, кожо көзү ачыктарга ишенип калышканы тууралуу көптөн бери сөз болуп келе жатат.
Учурда маанилүү кызматты аркалаган жетекчи сөрөйлөрдүн көбүнүн тынымсыз каттап, дем салдырып турган молдосу, төлгө ачтырган көзү ачыгы бар экен. Өзүнчө эле "аалам сырлары..."
Минтип эл башкарган төбөлдөр кожо, молдого күнү түшүп, акыл сурап калган соң, карапайым калктын абалы кандай экенин элестетип болбойт.
Андыктан, Билим берүү тармагын күчтөп, тез арада заман талабына шайкеш рефоормалап, сапатын көтөрүү багытында мамлекеттик масштабда ыкчам аракеттер көрүлбөсө, арабдардын "Миң бир түн" жомогундай жин-шайтан менен алышып, бири-бирибизге дуба окутуу менен алек болуп калабыз го...
Болбосо, эртең өлкөнү сакалын тырмаган молдолор башкарып, шариятты кеп салып, халифат орноткондо эсибизге келебизби? Анда кеч болуп калат. Эсибиз барда этегибизди жыялы.
Качан кыргыздын эл башкарган төбөлдөрү молдо, кожо, көзү ачыкты пир тутуп, тоңкочук атып тооп кылып калышты эле?
Кожону көрсө сабаган, эшенди көрсө байлаган, калпаны көрсө камаган Манастай журтун сүйгөн, элин сүйгөн деңгээлде өз баркыбызды, өз наркыбызды сезели, билимге, акылга таяналы.
Булак: NazarNews.kg