www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джоо Байден Афганистан боюнча туура чечим кабыл алгам деп эсептейт. Өлкө башчынын сөзүн жергиликтүү басма сөз каражаттарына шилтеме берүү менен РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Америка Кошмо Штаттарында Афганистандагы кырдаал боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп, анда америкалыктардын көбү Афганистанда болуп жаткан абалга терс көз карашта экенин айтышкан.
Журналисттер сурамжылоого карата Президент Джо Байдендин пикирине кызыгышкан.
"Менин жумушум эч ким жасай албаган же жасабаган нерсе боюнча чечим чыгаруу. Жаш балдарды, кыз-келиндерди мындан ары согушка жибергенди токтотуу боюнча туура чечим кабыл алдым", — деди Байден.
Бул чечимин түшүндүрүп жатып ал чөнтөгүнөн кагаз алып чыккан. Анда согушта көз жумгандардын саны жазылганын айткан.
"Бул карточка дайыма жанымда. Анда каза болгон, жабыркагандар тууралуу маалымат бар. Американын 2 448 жараны каза болсо, 20 722си жабыркаган", — деди ал.
Жо Байден Ирак менен Афганистанда каза болгон америкалык аскерлер тууралуу маалымат жазылган баракты дайыма алып жүрөрүн буга чейин да бир нече ирет айткан. Ал аскерлердин бейкүнөө өлүмүн токтотуу керектигин айтып, ошол себептен армияны Афганистандан алып чыгуу чечимин кабыл алганын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg