www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким мэр болуп Бишкекти бишкектейт?

Акыркы бир жыл ичинде эле Бишкекте он чакты адам мэр болду болуш керек. Айрыкча 2020-жылдын 5-октябрынан Балбак Түлөбаевге чейин ким мэр болуп, ким канча күн турганы эсеп-чоту жок болду. Кээ бир мэрлер бир күн турса да 2005-жылы 24-мартта мамлекетти бир-эки күн башкара койом деп өзүнө жер участокторун чыгара койгон Ишенбай Кадырбеков сыяктуу өз камын ойлобосо да буйрук чыгарып жиберишкен. Азиз Суракматов, башаламандык учурундагы мэрлер, Балбак Түлөбаев, Эрмек Нургазиев, Бактыбек Кудайбергенов, Таалай Сарыбашов, эми Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Айбек Джунушалиев келди. 2021-жылдын 26-августунда шайлоо Ошто, Бишкекте жана Токмокто өтөт. Ошто жана Бишкекте шайлоо атаандашсыз өтөт, ал жерде жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов менен Айбек Жунушалиев, алар дагы мэрдин милдетин аткаруучу. Ошентип, бул эки шаардагы шайлоо жөн гана формалдуу болуп калат. Демек, боло турган мэрди шайлоодо Айбек Джунушалиев коркунучтуу фигура. Бишкекте шайлоодо  «Эмгек», «Ата-Журт», «Ишеним», «Ынтымак», «Өнүгүү», социал-демократтар чыгышкан. Булардын ичинде эң эле демдүүсү «Ата-Журт» партиясы. Азыр түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй асманга учуп жаткан учур. Эгер бийлик тараптан Кабминдин биринчи орун басары  Айбек Джунушалиевди колдогула деген «SOS» келбесе, «Ата-Журт» партиясынан жеңин түрүнүп Шүкүрбек Эркебаев чыгышы мүмкүн. Шүкүрбек мырза журналисттердин да, блогерлердин да Корифейи, анын шефи Камчыбек Ташиев мээ кайнаткан ысыкты да, кар тозоңу урган суукту да көрдү. Шүкүрбек Эркебаев бир козголуп койбой «Ата-Журт» партиясын колдоп жүрдү. Эркебаевдин эмгеги зор.

Бишкекке мэр болуп 2005-жылы Бишкек мэри болгон олигарх Аскар Салымбеков аттанышы мүмкүн. Же болбосо «Эмгек» партиясынан мэрге жөндөмдүү бир караанды түртөт. Бакыт Төрөбаев да 2017-жылы Өмүрбек бабановдун аркасын жыттап жүрүп тажады, бул партиясын 2020-жылы эле башка багытка буруп, өз алдынча партия болгондон калган. Бирок, күзүндө болгон башаламандык, аны желкесинен кармап келип, кайра фракция жетекчиси кылып койгон. Ал эми саясат десе чалкасынан жатып алган Атамбаевдер мурунку шайлоодо өтпөй калышкан. Жаңы кайталап шайлоодо 5 кишиге мандат алып беришкени менен, аларды майлаган үлпөт тоюу киши атышуу менен аяктап, «Ач бала ток баланы сүйбөйт» дегендей, ачка турган эл Атамбаевдин балдарынын салтанатта бири-бирин атышып жаткандарын жактырган жок. Бишкектин биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев көптөгөн азуулулар менен тирешип, бийликке кадам таштаган эмес .Күздөн бери чүкөсү айкүр коно баштады. «Уялчаак депутат» наамына татыган Камчыбек Жолдошбаев мэр болуп келер менен: «Бишкек мэриясында иштегендер автобуска түшпөй кызматтык машиналар менен жүргүлө» - деген буйрук чыгарары бышык.

Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары 45 депутатты шайлашат. Шайлоо пропорционалдык система (партиялык тизме) менен өтүп, аялдарга 30 пайыздык квота берилет. Кыргызстандын 21 жаштан жогорку жараны талапкер болуп катталууга укуктуу. Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында спикердин орун басарлары жана туруктуу эки комиссиянын төрагалары да айлык алат.

Бишкектик депутаттар кимдердин “терисин тескери сыйрый алат”?

• шаардын мэрин шайлоо жана ага ишеним көрсөтпөө;

• салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө;

• мэриянын аппаратын кошпогондо, вице-мэрлерди, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;

• шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу. Бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.

• жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

• жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы жана бюджеттен сырткаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;

• аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;

• жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

• муниципалдык менчикти пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо. Анын ичинде муниципалдык объектилерди менчиктештирүү программаларын бекитүү, пайдаланышын көзөмөлдөө;

• тиешелүү жетекчилердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө отчётун угуу;

• фракциядан чыккан учурду кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

• жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;

• мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

• шаардык кеңештин төрагасын, анын орун басарларын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, кеңештин төрагасынын КР мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;

• өкмөт тарабынан аныкталган ченемдердин негизинде жергиликтүү бийликтин аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;

• муздак сууну, канализация, жылуулук, таштанды үчүн тарифтерди бекитүү;

• алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки сатууга, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү киргизүү;

• ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;

• жергиликтүү жамааттын уставына жана КР мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.

Органдарды кандай учурда «шишкебектей» алат?

Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын статусу жөнүндө 12-беренеде төмөнкүлөр жазылган.

• депутат ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерин текшерүү жөнүндө маселе көтөрө алат;

• ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик органдарды жана жарандардын бирикмелеринин (финансы-чарбалык иштерди, соттордон сырткары) ишин текшерүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

• мамлекеттик органдарга депутат баяндаган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүү сунушталат. Ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн натыйжасын жергиликтүү кеңешке же сунуштаган депутатка берет. Ал боюнча жооптуу жетекчилерине чара колдонуу маселесин көтөрөт.

 

Кайсы органдарга сес көрсөтүп, токтоосуз кирип бара алат

депутаттык ишине байланыштуу өз аймагындагы мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийликке жана жарандардын бирикмелерине, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга токтоосуз кирүүгө укуктуу. Аларды жетекчилер жана башка кызмат адамдары кечиктирбей кабыл алышы шарт.

шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери депутаттык укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана башка маалыматты беришет.

Бирок депутаттын иши мамлекеттик сырга же мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырга байланышкан мекемелерге келип-кетүү тартиби ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

Депутат төбөдөн ары бирди жесе, ким болушат?

Конституцияда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын эч кимдин чектөөгө укугу жок.Мамлекеттик органдар, мэрия жана жарандардын бирикмелери, ишкана, мекеме, уюмдар, алардын кызмат адамдары депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Депутаттар деле жоопкерчилик тартышат, шайлоочулар өз депутаттарына сунуш-талап бере алышат. Ал шайлоо округунун элинин алдында жоопкер жана аларга отчёт берип турат. Депутат өзүнүн аймагында жайгашкан жана шаардык кеңешке отчёт бере турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө жол берилбейт. Депутаттан ишинде жүрүм-турум эрежелерин, өз беделин сактоо, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоо талап кылынат. Ошондой эле тиешелүү жергиликтүү кеңешти, шайлоочуларды жана бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке максаттарда пайдаланууга жол берилбейт. Депутаттык этика кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости