www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ак-Кеме” мейманканасы мамлекетке өтсө деле ижарачылары ишмердигин уланта берет. Бул тууралуу 5 news.kg порталына КР мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди

“Ижарачылардын укуктары корголот. Алар буга чейин кандай иштеп келсе, ошондой иштей берет. Туристтер жана мейманкананын кардарлары бардык шарттар менен камсыз болот. Эгерде кандайдыр бир конференция жана башка иш чараларга өтөт деп пландалса, ага бөгөт коюлбайт”, - дейт Болсунбек Казаков.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен милиция кызматкерлери "Ак-Кеме" меймананасын курчап, анда иштеген бардык кызматкерлерди чыгарды.

Өкмөт үстүбүздөгү жылдын март айында мейманканы өзүнө кайтаруу чечимин кабыл алган. КР мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун айтымында мейманкана мамлекетке 452 миллион сом карыз.

 “Ак-кеме” мейманканасынын  жетекчилиги мындай аракеттери мыйзамсыз деп эсептейт.  Мекеменин аткаруучу директору Белек Сарымсаковдун айтымында мейманкана башында Туркиянын жеңилдетилген насыясына салынмак. Бирок түрк ишкерлер курулушка бир дагы каражат жумшашкан эмес. Буга байланыштуу “Ак-Кеменин” жетекчилиги түрк ишкерлерди сотко берип, ишканадан четтетилген. Кийин Акаевдин кийлигишүүсү менен жасалма жол аркылуу “Ак-Кемени” банкротко учуратып, 19 95-жылдан 2005-жылга чейин соцфонд, жана башка салыктарды төлөбөй иштетип келишкен. Бирок революциядан кийин отелди Сарымсаковго кайтарып беришип, түрк компаниясынын карыздарын төлөбөгөнү үчүн мейманкананы тартып алып жатышат деп белгилейт

Эскерте кетчү нерсе, бүгүн 22-июн, эртең менен милиция кызматкерлери "Ак-Кеме" мейманканасын курчап, анда иштеген баардык кызматкерлерди чыгарды.

Имаратта бир нече эл аралык компаниялардын жана орус ЖМКларын кеңселери орун алган.  Анын ичинде "Аргументы и факты-Кыргызстан", "МК-Азия",  News-Asia порталы, "РИА Новый День-Азия" бар.

Булак: "5news.kg"

Последние новости