www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лори жана Крис Кобл аттуу түгөйлөр турмуш жолуна бирге аттанган соң удаа Эмма, Кейл жана Кэти аттуу 2 кыз, 1 балалуу болушат. Жакшы ой-максаттар менен келечекке кадам таштаган жубайлар жол кырсыгынын айынан балдарын бир күндө жоготуп алышат. Лори балдары менен унаасында баратып, жүк ташыган унаа менен бетме-бет кагышып кетет.

Жергиликтүү тургундардын жардамы менен ооруканага жеткен үй-бүлө оор жоготууга учурайт. Доктурлар канча аракет кылбасын 3 баланы тең алып кала алышпайт. Ата-энесинин бактысы болгон балдар бир убакта ээрчишкен бойдон оо дүйнөгө кете берет. Түгөйлөр турмуштун мындай оор сыноосун кол кармашкан боюнча, биргеликте жеңишет.

“Сабырдын түбү сары алтын” демекчи, жарым жыл өткөн соң Лори кайрадан кош бойлуу болуп, ай-күнү жетип, 3 эм төрөйт. 2 кыз 1 уул. Муну алар, “оор сыноого сынбастан, Жаратканга нааразы болбой, туруштук бергенибиз үчүн Кудайдын бизге берген белеги” – деп түшүнүшөт.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости