www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Октябрь райондук соту 23 жаштагы Марленге (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Анын иши 2017-жылдын 20-ноябрында каралган.

Токтомдо айтылгандай, тергөө иштеринин жүрүшүндө Марлен өзүнө-өзү кол салып, жалган кылмыш тууралуу маалымат бергени аныкталды.

Үйлөнүү тоюн 2017-жылдын 22-октябрына белгилеген Марлен сүйгөн кызы Айжанга тойдо кийүүчү ак көйнөктү сатып берүү милдетин алган. Бирок каражаты жоктугунан бул сөзүнө тура албай, жалган кылмыш ойлоп тапкан.
Ал 12-октябрда Айжандын батиринен чыгып, лифтке түшкөндөн кийин лезвие менен өзүнүн кийимин жана курсагын тилген.

Кайрадан Айжандын батирине барып, ага кол салуу болгонун, акчасын уурдап кетишкенин айтып ишендирген. Бул окуядан кийин Марлен ооруканага жеткирилип, ал жабырлануучу катары жазган арыздын негизинде Октябрь РИИБ тергөө иштерин башташкан. Ал арызында кол салуу саат 11:15 чамасында болуп, тууганынан алган 10,3 миң доллар акчасын уурдатканын билдирген болчу.

Бирок анын айткандары тергөө иштеринин жүрүшүндө далилденген жок жана андай кылмыш жасалбаганы аныкталды. Марлен мындай жалган көрсөтмөсү үчүн 1 жылга жатак абакта жаза өтөмөй болду. Ал сот залынан камакка алынган.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости