www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канадада беш жаштагы Камила Торкато аттуу кыз айыккыс дарт менен эки жыл күрөшүп, акыры аны жеңген эле. Бирок ага ажал эми коркунучтуу дарттан эмес, автоунаадан келгенин The Star жазып чыкты.

Кыз атасы менен бала бакчадан чыгып баратканда жол боюнда токтоп турган бир жол тандабастын тартылган кол тормозу жанып кетип, ичинде эч ким жок машина жылып кеткенип,Камила менен атасын бир машинанын артына кыпчып салган. Кырсыктан анын атасы Амилкар анча-мынча жаракат алды, бирок дарыгерлер дароо жетип келгени менен Камиланы сактай албай калышты.

Камила эки жашында онкологиялык илдетке кабылганы аныкталып, бир канча химиотерапиялык курстан өтүүгө аргасыз болгон. Акыры ошентип отуруп өткөн күздө коркунучтуу дартты жеңген эле. Айыккандан тарта бала бакчага бара баштаган.

Бул кайгылуу кабар ал барган бала бакчаны эле эмес, бүтүндөй Торонтону селт эттирди. Тиешелүү органдардын маалыматына караганда, бош турган машина адамды тебелеп кеткен учур шаарда биринчи жолу катталды.

Учурда бул иштин боюнча бардык жагдайлар иликтенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости