www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке Ысык-Көл облусунда жайгашкан аты жок эки мөңгүгө Бириккен Араб Эмиратын негиздеген биринчи президенти, айтылуу Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын жана Сауд Арабиянын негиздөөчүсү, биринчи королу Абдулазиз бин Абдуррахман Аль Сауддун ысымдарын ыйгаруу боюнча мыйзам долбоорун киргизди.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинин Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капиталында жайгашкан, №354 аты жок мөңгүгө Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын" географиялык атын ыйгаруу жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат бассейнинин Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан аты жок №331 аты жок мөңгүгө "Король Абдулазиз" ысымын ыйгаруу жөнүндө" Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун биринчи окуудан өткөрүү үчүн киргизди.
Булак: NazarNews.kg