www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-апрель күнү Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинен 2023-жылдын 6-февралында дайынсыз жоголуп, издөөдө жүргөн бейтаптын жансыз денеси табылган.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришкендей, дене бул мекеменин аймагындагы балатыга асылып турган жеринен табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал даракка эки айдан ашык асылып турган.
Улуттук борбордун кызматкерлери жана тартылган эксперт Ак-Суу психоневрологиялык барып, социалдык стационардык мекеменин жетекчилиги менен жолгушуп, окуя болгон жерди карап чыгышкан.
Тергөөчүнүн айтымында, өлүм боюнча иш козголуп, учурда экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg