www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип жыйырма жылдан бери ак эмгек, адал мээнет менен курган Шаршенбек Абдыкеримовдун "Аю" компаниясын бийлик күчкө салып тартып алууда. Өкүнүчтүүсү "жасалма акциздик марка менен арак чыгарган, контрабандалык жол менен спирт саткан, салыкты жашырган" деген болбогон шылтоо менен "Аю"  компаниясын конфискациялап мамлекетке алуу, түз айтканда тартып алган кантип жакшылык болсун?

Ушунтип отурушса, өлкөгө инвестор келеби? Өндүрүш өсөбү? Миңдеген иш орундарды түзүп, өлкөгө пайда алып келген ишкананы болбогон шылтоо менен ээсинен чыркыратып тартып алуу, инвесторлорду үркүтпөсө имидж түзбөйт. 

Бизде элди иш орундары менен камсыздап, мамлекеттин казынасына олуттуу салык төлөп, өндүрүш тармагын алга жылдырган Шаки сыяктуу жаратмандар аз. Анан жаратман ишкерлерди мамлекет колдоп, көмөк көрсөткөндүн ордуна, канча жылдык мээнет менен бутка тургузган ишканасын, мүлкүн тартып алып жатышса, кайсы өндүрүш тармагы өлкөгө жарыгын тийгизип, күркүрөп иштейт? 

Тилекке каршы, акыркы жылдары ишкерлерге карата мамлекеттин саясаты тескери кетти. Басым, кысым күчөдү. Бир топ чакан, орто бизнес, ал түгүл ири ишкерлер капиталын сыртка чыгарып кеткен көрүнүш арбыды. Бул өтө чоң жоготуу. Өкүнүчтүүсү, аны ойлогон жетекчи жоктой. Анан кантип оңолобуз? 

Дал ушул жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун айтканына маани берели:

"Учурда соцтармакта айрым блогерлер белгилүү “Аю” компаниясы жогоруда биз сөз кылган “кустуруу” кампаниясынын курмандыгы болду дешүүдө. Башкача айтканда, аталган компанияны ар кандай шылтоо менен ири суммада акча “кустурушкан” жана анын кесепетинде “Аю” мурдагыдай күпүлдөп иштебей калышына бийликти айыпташууда.

“Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. "Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек" деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат", - дейт. 

Мына өлкө башчысынын сөзү. Кайда барабыз? Жакынкы бийлик алмашканга дейре Шаки мырза ачкан ишканаларда 10 миңдеген жумушчулар иштеп, өлкө казынасына салыктан миллиондогон сом  түшчү. Азыркы кездеги абалга көңүл бурсак, президентти дагы адаштырып жатышканын байкоого болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости