www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Талаа эли акимдикке сунуштап жаткан Самат Асаналиевдин өмүр баянын жарыялайбыз.

Асаналиев Самат Асаналиевич 1987-жылы 11-июнда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. 1994-жылы Баетов айылындагы Кара-Суу орто мектебине 1-классына кирип, ошол эле орто мектепти 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. Мектептин президенти болуп, коомдук иштерде активдүү катышып, окуучулар арасында лидер болгон.

Билими: 2005-жылы Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырып, экономист-менеджер квалификациясына ээ болуп, 2010-жылы бул жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктаган. Коомдук иштерде активдүү катышып, студенттер кеңешинин төрагасы болуп иш алып барган.

2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде квалификацияны жогорулатуу жана тынымсыз билим алуу борборунда “Юриспруденция” кесиби боюнча юрист квалификациясынын жогорку билиминин ээси болгон.

Эмгек жолу: 2011-жылдын 24-январында Бишкек шаардык мэриясына караштуу Ленин райондук администрациясынын Билим берүү борборуна экономист болуп эмгек жолун баштаган. Аталган мекемеде тендер боюнча негизги адистик жумушун 2013-жылдын январь айына чейин кошумча аткарып келген. 

2013-жылдын 8-январынан тартып ушул эле мекемеде Экономика бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

2013-жылдын апрель айынан тартып Бишкек шаарына караштуу Свердлов районун финансы бөлүмүнүн адиси болуп иш алып барган.

2014-жылдын июнь айынан октябрь айына чейин Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун финансы бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенген.

2014-жылдын октябрь айынан тартып ОсОО “Аза универсал компани” фирмасында финансы директору болуп иш алып барган.

2016-2017-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси жана ошол эле мекеменинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаарындагы Октябрь районунун башкармалыгында башкы адис болуп иштеп жатат.

2019-жылдын февраль айынан тартып Жаштар парламентинин спикери.

Ошондой эле, Ак-Талаа районун жаштарынын демилгеси менен түзүлгөн «Ак-Талаа биримдиги» коомдук биркмесинин төрагасы. Ак-Талаа районунун элин биримдикке чакырып, бир топ алгылыктуу иштерди алып барып келет.  ( толугураак маалыматты http://aktalaa.com/ сайтынан алсаңыздар болот)

Кошумча маалымат: Дзюдо, самбо, уруштук самбо, эркин күрөш боюнча көптөгөн эл аралык жана республикалык мелдештерге катышып байгелүү орундарга жетишкен.

Билген тилдери:  орус, англис, араб.

Үй-бүлөлүү: эки кыз, бир уулдун атасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости