www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облустунда өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу Ак-Талаа райондук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

"Ак-Талаа районунда жайгашкан обсервациялык пункттар милиция кызматкерлеринин коргоосунда болуп, күнү-түнү дебей коомдук тартипти камсыздашууда.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, элдик кошуун жана жаштар менен биргеликте 13 айыл өкмөтүндө санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, кирип чыккан адамдарга зарыл болбогон учурларда үйдөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Райондун аймагында бир нече пост, жөө кайгуул жана авто кайгуул уюштурулуп, аларда  Ак-Талаа райондук милиция кызматкерлери райондогу тиешелүү башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен вирустук инфекциянын жайылуусунун алдын алуу максатында иш алып баруушуда.

Ак-Талаа районунун Ак-Тал-Чат санитардык-карантиндик постто Ак-Талаа РИИБдин кызматкерлери, санитардык эпидемиологиялык станциянын, медицина кызматкерлеринен, ӨКМдин кызматкерлеринен жана ар бир айыл аймагынын айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнөн турган кызматкерлер районго кирип чыккан автоунаалардын санын каттап, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Постто турган бардык милиция кызматкерлерин керектүү медициналык жабдыктар, кол кап, бетка, антисептик жана коргонуучу костюмдар менен камсыз кылынгандыгын да белгилейбиз.

Ички иштер органдары тарабынан зарыл болбогон учурда үйдөн чыкпоолору тууралуу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Райондун аймагында бир нече посттор орнотулуп, милиция кызматкерлери күн-түн дебей кызматын өтөп, жөө жана авто кайгуулдоо иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости