www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабия мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөр учурунда Россияга ультиматум койду. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Буга чейин март айында Россия суроо-талаптын төмөндөшүнө байланыштуу бааларды 50 доллардан сактоо максатында мунай өндүрүшүн кыскартуудан баш тарткан. Анда Сауд Арабиясы өндүрүшүн көбөйтүп, ушу себептен мунайдын баасы кескин арзандап кеткен.

Өткөн жумада Сауд Арабия мунай рыногундагы балансты калыбына келтирүү үчүн ОПЕКтин шашылыш жыйынын чакырды. Ал 9-апрелде видео конференция форматында өтөт.

Bloomberg билдиргендей, жолугушуунун катышуучулары жалпысынан өндүрүштү күнүнө 10 миллион баррелге кыскартууга макул болушат, бирок көлөмдү кантип бөлүштүрүү боюнча пикир келишпеcтик болот. Расмий түрдө, Сауд Арабиясы өз квотасын эң көп дегенде үч миллион баррелге кыскартууну айтат. Бирок иш жүзүндө баарынан мурда Россиянын квотасын 1,5 миллион доллар кыскартууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости