www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«КТ-Мобайл» компаниясындагы 200-300 миң сом айлык алгандар мамлекеттин акчасын ордуна койсун!» деген пикирин маалымат жыйынында эксперт Расул Умбеталиев айтты.

Анын пикиринде, иштеп, киреше алып келе электе мындай көп суммадагы айлык чегерип алуу мыйзамсыз.

«Мен ошол алган акчаларды ордуна кайтарышын талап кылам. Кызмсткерлерге айлык берүү бонустук система менен өлчөнүп, ким киреше алып келсе ошого жараша пайыз бонустарын алышы керек болчу. Иштей электе эле миллиондорду айлыкка бөлүп алышты туура эмес деп эсептейм»,-деди Умбеталиев.

Бизге жеткен ишенимдүү маалыматтарга таянсак, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин бажасынын баласы Иманкадыр уулу Эрназар КТ-Мобайл» компаниясында директордун орун басарлык кызматын аркалап турганда 972 100 сом айлык алгандыгы боюнча маалымат жетти.

Такталган расмий документтерге ылайык Эсептөө палатасы текшерген учурда мыйзам бузуу жолу менен кошумча сыйлык акыны кошкондо Иманкадыр уулу Эрназар айына 194 400 сом айлык алып турган.

Маалыматта көрсөтүлгөндөй КТ-Мобайл» компаниясынын техникалык департаментинин жетекчиси Н.Дмитриенко 145 миң 700 сом, анын орун басары М.Абдыкадыров 172 миң 700 сом айлык алган.

Эске сала кетсек, аталган компания жарым жылга жетпей айлык маянага эле 5 млн. сомдон ашык каражат кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости