www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамин Акималиевди кимдер билбейт. Кыргызстандын айыл чарбасы дегенде ичкен ашын жерге коё чуркагандардын бири. Кечээ парламент жаңы айыл чарба министрине буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген Эркинбек Чодуевди бекитип берди. Мурунку министрди көп сынга алган адис адамды кепке тартып, жаңы министрге алдыда эмнеге көңүл бурса болорун сурап, жообун алдык.

- Жамин ага, мурунку айыл чарба министринин ишине ичиңиз чыкпай, акыркы бир жыл бою сындап келдиңиз...

- Азыркы сазга баткан оор айыл чарба тармагын көтөрүш үчүн жаңы ишкер келишин айтып атып тилим тешилди. Дагы эмнеге тилим тешилген, жумуштан кеткен министр Нурбек Мурашевдин ишке чабалдыгын, иштин көзүн билбегенин айта берип. Чирип бүтүп калган минселхоз системасын жаңы көз караштагы адам гана жаңылантып оңдоп, калыбына келтире алат.

- Жаңы министр шайланды, мурун министрдин орун басары болгон Эркинбек Чодуев келди. Насаатчылык кебиңиз бардыр?

- Биз «экспорт болбой атат, картөшкө чирип атат, тигиндей-мындай» деп айтып атабыз, бирок кептин баары башкада. Базар экономикасы болгон күндө да жаңы министр айыл чарбаны пландаштырууга өтүшү зарыл. Жадагалса биз чанып аткан капиталисттик Япония, Түштүк Корея ж.б. өлкөлөрдө айыл чарбасын бери дегенде 5-7 жылга пландашат. Муну мен эмнеге айтып атам? Кайсы бир жылы чет өлкөгө барганымда «бизде план жок» десем, аябай таңкалышкан. «Эмне өндүрө турганыңарды билбеген эмне деген өлкөсүңөр?

Африка болуп калгансыңарбы?» дешип. Анан сөзсүз мамлекеттик заказ болуш керек. Кадимкидей кайсы бир райондор менен келишим түзүп, мисалы, «мага быйыл бир миллион тонна буудай, баланча тонна кызылча, эт жана сүт, жумуртка, суумай» деп азык-түлүк коопсуздугуна кирген айыл чарба азыгынын болбоду дегенде 40 пайызын сүйлөшүп, аны өндүргөн дыйкандардан жакшы баада сатып алуу жагын пландашканы оң жана аларга кепилдик бериш керек. Мына ошондо биздин айыл чарба алдыга жылат да, дыйкандар эмне эгишти билет, жарымын сатат, жарымын өз оокатына жумшайт дегендей...

Булак: "АЗИЯnews"

 

 

Последние новости