www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата-Мекен” партиясы 2010-жылы өз бактысын тапканы менен, тез арада эле партиянын башынан кара булут кетпей, “аташкасы” Өмүрбек Текебаев камалгандан бери, ич ара айтылган “секреттери” сыртта жүрөт.
Алсак, Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин ордуна Алмамбет Шыкмаматов келди. Андан кийин эле, креслосуна манчырканып, канчалаган кыргыздын жигиттерин темир тор артына тыккан, депутат Аида Салянованы Жогорку Кеңештин кеңсесинен ыргыта тебишти. Анын ордуна БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова келет деп эл арасында имиштер айтылып аткан. Тилекке каршы өзүнүн аты-жөнүн Клара-Гүлнара Самат деп өзгөртүп алган апчибиз Клара Кабилованы Боршайком каттоосунан чийип салды.
Бизге жеткен ишенимдүү булактарга таянсак, эми Аида Салянованын ордуна Клара-Гүлнара Самат /Клара Кабилова/ эмес, Болот Шер келет экен.
Ошентип, эми Жогорку Кеңеште Садык- Шер – Нияз менен Болот Шерлер биригип, жини келгендерге азуу тиштерин көрсөтүп, ачуу чындыкты айтышат чыгар.
Баса, “Ата-Мекен” партиясынын “атаманы”, Өмүрбек Текебаев тууралуу эксклюзивдүү маалыматты бир нече сааттардан кийин жарыя кылабыз.
Булак: NazarNews.kg