www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков өткөргөн пресс жыйынында Жээнбековдун президент Р. Т. Эрдоган менен эки тараптуу карым – катнаштар жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөрүн билдирди.

«Кыргызстан үчүн Түркия жакын дос жана ишенимдүү өнөктөш»,- деген Сыдыков Жээнбековдун президент катары Түркияга жасай турган биринчи сапарынын эки тараптуу карым  - катнаштарды дагы да тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө даяр деген мааниге келгендигин жана ушунун негизинде эки өлкөнүн ортосунда дагы жогорку саясий диалогдун курулушу максат кылынгандыгын баса белгиледи.

Сыдыков Жээнбековдун  Эрдоган жана Түркия Улуттук Парламентинин спикери Исмаил Кахраман, премьер  - министр Бинали Йылдырым менен жолугушарын билдирди.

Жолугушууларда Кыргызстан  - Түркия кызматташтыгы маселелери тууралуу пикир алышуулардын болорун айткан Сыдыков сапардын соода   жана экономикалык карым  - катнаштардын жайылтылышы жана тереңдетилиши, Ислам Кызматташтык Уюму, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташтык Кеңеши, ТҮРКСОЙ менен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламентарлар ассамблеясы ТҮРКПА сыяктуу аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында Түркия менен кызматташтыктын кеңейтилишин ылдамдатуусу күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Сыдыков Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн ортосунда бири бирин колдоо жана инвестицияны коргоо , айыл  - чарба, маданият, спорт жана социалдык коопсуздук жана басма сөз тармактарында документтреге кол коюларын билдирди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости