www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков тийиштүү ведомстволорго чек арадагы өзбек тараптын катышуусунда болгон инцидентке дыкат териштирүү жүргүзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Эске салсак бүгүн, 7-апрелде, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Мамай тилкесинде белгисиз себептерден өзбек чек арачылары Кыргыз Республикасынын жаранына ок чыгарган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча инциденттен кийин 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.Ф.М. Кыргыз Республикасынын аймагында каза тапкан.

Жерине ыкчам топ жөнөп кетти. Тийиштүү кызматтар инциденттин себептерин жана жагдайларын изилдеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости