www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл арасында бир сөз бар “Бат келген-бат кетет, кантип келсе-ошондой болуп кетет” деген. Мааниси айтпаса да белгилүү. Атамбаев башкарган алты жылда кадр саясаты ашмалтайы чыгып бүттү. Эч билимине, тажрыйбасына, жөндөмүнө карабай каалаган жерге каалаган адамын койо берди. Жөнөкөй кызматка койсо да макул элек. Бул деген нерсе кыргыз эленин келечеги менен ойногонго барабар.

Айтор досу Соке бул жагынан жаңылбай баштады. Кайсы кызматка болбосун, өз ишинин профессионалдарын, иш билги, жетекчилик тажрыйбасы мол адамдарды дайындап жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына 25 жылда физкультурник болгон Болот Сүйүнбаевдин ордуна экономика илимдеринин кандидаты, белгилүү финансист Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаментинин директору Шакирова Гульмира Абидиновнаны ккелээри сөз болууда.

Эже буга чейин да финансылык чалгындоо, медициналык камсыздандыруу фондунда жетекчилик кызматта иштеген. Кимиси болсо да коррупция менен күрөшө билген, таза кадр келсе болгону.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости