www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо жана андагы авариялык кырдаалды иликтеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы экс премьер-министрлердин бул иштерге тиешеси бар-жогун карап, баа берет. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев “Азаттыкка” билдирди. Бул маалыматты Азаттык жарыялады.

Анын айтымында, ЖЭБди модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде башталган. Кийин өкмөт башына Өмүрбек Бабанов келгенде уланып, Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы болгондо келишим бекитилген.

Жоомарт Оторбаев өкмөттү жетектеп жатканда ЖЭБди оңдоо башталып, Темир Сариевдин тушунда да ал иш улантылган. Соңунда модернизацияланган борбордун ачылышын мурдагы премьер, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жасаган.

- Демек бул ишке булардын ар бирөөсүнүн кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар. Биз комиссиянын жыйынтыгында анын кимиси күнөөлүү, күнөөлүү эмес деп баа бере албайбыз, аларга укуктук бааны тиешелүү коргоо кызматкерлери берет. Биз болгону саясий баа беребиз. Кылган иш-аракеттер ийгиликтүү, толук болгон эмес, айтылган максаттарга жеткен жокпуз дегендей бүтүмдү айтабыз, - деди Исхак Масалиев.

Депкомиссия жыйынтыгын май айында чыгарат деп күтүлүүдө.

Депутаттык комиссия буга чейин ЖЭБди модернизациялоо иштери боюнча мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен суроо-жооп өткөрүшкөн. Бул ортодо мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да кечээ Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары 26-апрелде УКМКга сурак берип чыкты.

Быйыл кыш чилдеде Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган.

Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Кийинчерээк кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости