www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жакында эле Ак үйдөн түйүнчөгүн түйүп Фарид Ниязов кеткени жалпыга маалым. Дегеле өзү президенттик аппараттан Фарид Ниязовдун эмне үчүн кеткени элге кызык болду. Мүмкүн апрелге жакын экс-аташкабыз менен ээрчишип кайра бийликке келип калаар деген ой. Кантсе дагы Фарид мырзанын саясатта олчойгон орду болбосо дагы, Алмазбек Шаршеновичдин алдында өзүнүн кадыры бар эмеспи. Болору болду, боёсу канды, Фарид мырза кетти, ой максатына жетти.

Эми эң кызыгы Фарид Ниязовдун ордуна ким келет? - деген суроо баарына кызык. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Муканбеткалый Абулгазиевдин келээри күтүлүүдө. Аны менен бирге эле Дүйшөн Ирсалиевдин дагы тизмеси бар деп уктук.  Бирок экөө дагы “под вопрос” имиш. Эми президенттик аппараттын жетекчилигине кимиси келсе дагы “майлуу-сүтүү” орундук эмеспи...Досу көбөйүп, кел-кели келет го чиркин..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости