www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Ахматбек Келдибекович, УКМКдан 217 млн доолар боюнча кылмыш иши козголуп, Бажы жана Салык  эки фирманы текшеришти. Андан тышкары салык инспекциясынан 7 адам кармалды деген маалымат тарады. Ушул боюнча адис катары пикириңиз кандай?

--Менин бул боюнча пикирим 2008-жылы жылдын аягында жаңы салык кодекси кабыл алынып, 2009-жылы 1-январдан баштап аталган кодекс ишке кирген. Ал жерде кайсы учурда ошол экспортко чыккан ишканалардын кошумча нарк салыгын (НДС) кайтарып берүү боюнча жазылып турат. 

Бул экспортко товар чыгаргандарды стимул жасоо же болбосо ошол экспортту кандайдыр бир андан ары кеңейтип берүү мамлекеттик иш-чара болуп эсептелинет. Бирок азыр кармагандары менин укканыма караганда райондун деңгээлинде жана республикалык салык кызматында иштеген катардагы кызматкерди кармаганын уктум. Бул жерде тактап айтканда алгач документтерди Өкмөт тарабынан түзүлгөн экономика министрлиги жетектеген жана ал комиссияга башка министрликтердин өкүлдөрү жана АКС кызматкери финполициянын кызматкерлери катышкан комиссияга берилет. Акыркы тыянакты ошол комиссия чыгарат. Ошондуктан кармалган кызматкерлердин жетекчисинин руксааты жок же болбосо комиссиянын чечимисиз аткарганга, катардагы кызматкерлердин эч кандай укугу жок.  Экономика министрлигинин алдында өкмөт тарабынан комиссия түзүлгөн. Ал комиссияга АКСтен, финансылык башка министрликтерден мүчө болуп кирет, ага экономика министрлиги төрага болуп эсептелет. Ушул комиссиянын негизинде эмне себептен АКСтен кошкондугун тастыктап, жалган документ болбош үчүн атайын комиссия түзүлөт. Ошол комиссияларсыз 217 млн. сомду эки жылдын ичинде берип жиберүү эч кимдин колунан келбейт. Эгерде салык кызматкерлеринен райондун деңгээлинде өткөрө турган болсо ал - 300 миңден ашырбаганга укугу бар. 300 миң (сом) менен бир дагы жолу бир ишканага 2-3 жолу өткөргөндө дагы 1 млн же 2 млн. сом өтөт. Калган ири суммадагы акчанын баары комиссиянын көзөмөлү менен текшерилет. Комиссиянын мүчөлөрүсүз, аталган сумманы өткөрүп жиберүү мүмкүн эмес. Ошондуктан тергөөнүн жүрүшүндө комиссияга кирген мүчөлөрдүн баардыгын иликтөөгө алыш керек. Себеби алардын түздөн-түз кийгилишүүсү жок мындай ири суммадагы жүздөгөн млн.сом суммаларды өткөргөнгө салык кызматкерлеринин эч кандай мүмкүнчүлүгү жана укугу жок. Анан эле катардагы кызматкерлерди кармап алып, аларды камаганы туура эмес деп эсептеймин. Тергөө иштери баарын таразалап тактап аягына чыгарышы керек. Мисалы республикалык салык кызматына райондордон даярдалып түшөт, районго ошол ишканалар даярдап берет, анын баардыгын текшерип ири сумманы комиссия менен сүйлөшүп алмайынча эч кимди өткөргөнгө укугу жок. Себеби, ал комиссия  өзүнүн тыянагын чыгарып бергенден кийин гана кат минфинге жазылат. Андан кийин гана каржы министрлиги бир сыйра карап чыгып, баардыгын тактап бериши керек. Мен ойлоймун бул жерде кичинекей катардагы кызматкерлер менен чектелсе демек бул жерде чоң коррупциялык схеманын түздөн-түз катышкандардын баардыгы же кол тийбестиги бар же болбосо чыныгы күнөөлүүлөрдү чыгаргысы келбегендер...

--Рахмат.

Эске сала кетсек, 7-мартта  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК)  Салык кызматтарынын өкүлдөрү катышкан коррупциянын бетин ачкан. Алсак,  "2016-2018 жылдары мамлекетке 217 млн. сом зыян келтирген" деген шек менен УКМК кылмыш ишин козгоп, жыйынтыгында Экономика министрлигинин кызматкерлери катышкан, акыркы эки жылда өлкө бюджетине 217 миллион сом зыян келгендигин ачыктады. Алсак, айрым юридикалык фирмалар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алганы тууралуу жалган документтерди жасап, тийиштүү мамлекеттик органдарга берип турушкан.. УКМКнын кылмыш ишинин жүрүшүндө 7-мартта кылмышка шектелген салык органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин жалпысынан жети киши камакка алынган. Ошентип бюджеттеги 217 млн. сом мыйзамсыз түрдө кимдин  “капчыгына” түшкөнү азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости