www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин коомдо негизи эле жашоодо көпчүлүк учурда аялы күйөөсүнөн запкы жеп келет. Ата - эненин уруш талашын көрүп өскөн бала да психикалык жактан жабыр тартып келет. Ушул нерселердин баарын көрүп, билип, түшүнүп турса да кээ бир эркек сөрөйлөр аялын балдарынын көзүнчө төпөштөп эле жатып калат.

Бул кылыгы менен балдарынын астында өзүнүн баркы түшүп, балдарына жек көрүндү болуп калаарын аңдабаган, аңкоолор өздөрүн эр сезип эрдемсинип арабызда басып жүргөндөр көп. Балдары - кыздары ошол үй - бүлөдөгү запкынын айынан кандай гана кадамдарга барып жатканын ата - эне билбесе керек. Бул сөздөргө мисал кылып төмөндөгү жардам сурап кайрылган каттардын бирин эч өзгөртүүсүз сиздерге сунуштайбыз.

"Кандайсыздар. Атым аноним болсун. Апам менен атамдын жашагандарына 18 жыл болду экөө мен эс тарткандан бери атам апамы биздин козубузчо еле урат. Биз торт бир тууганбыз апамы коруп ыйлайбыз синдими дагы согуп урат . Жини аябай катуу . Кееде еркелетип жакшы корот . Бирок апамы ажырашынчы апа десем силер жетим каласынарбы дейт . Анан атомы окутуп койсок болобу . .кандай карайсыздар?"- дейт жашоодон жабыр тартып, башка айла таппай калган кыздарыбыздын бири.

Мына үй - бүлөдөгү  чыр чатактын айынан кыздары кандай кадамга барып жатканын, кыздар - балдарынын жашоосун ой жүгүртүүсүн бузуп жаткан атакеси өзү жөнүндө балдары кандай ойдо экенин билбегени аргасыз адамды ойго салат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости