www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга 9 мамлекеттен келген сыйкырчылар тобу келген. Кечээ эле Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда эң мыкты деңгээлде өттү. Аталган иллюзионистердин көрсөткөн ар бир трюктары бири-биринен өзгөчөлөнүп, Валерий Бастраков, Энсон Ли, кытайлык Jeff Lee, Дадо Рашитов, Кореядан келген Эн Пенг Чен, казакстандык Айтжан Эгембердиев, америкалык Девид Да Винчи, кыргызстандык жаш иллюзионистер өздөрүнүн мыкты чеберчилигин көрсөтсө, аты элге таанылган, кыргызстандык Өмүрбек Молдокматовду сахнадан көрүүчүлөр жоготуп алды.  

Ошентип, дүйнөлүк масштабдагы иллюзионистер эң мыкты программасын көрүүчүлөргө тартуу кылды. Тилекке каршы, кыргызстандык жаш бөбөктөр кол жоолуктан  Кыргызстандын желбиреген желегин пайда кылса деле кыргызстандык көрүүчүлөр “жалпайып” олтуруп алып кол чапканда таң калычтуу эле болду.    

Эми тастыктамага өтөлү. Дүйнөлүк масштабдагы иллюзионистердин башын бириктирип продюсерлик кызматты аркалаган “UNA – Ты не один” фондусунун президенти Назгүл Насиева төмөнкүлөргө токтолду.

--Назгүль айым айтсаңыз, дегеле 9 мамлекет эмес, эки адамдын башын бириктирүү кыйын. Мындай чоң эл аралык шоуну өткөрүү идеясы кайдан келди...

--Мындай дүйнөлүк иллюзионистердин шосу Орто Азияда биринчи болуп жатат. Бул долбоордун демилгечиси Өмүрбек Молдокматов. Ушул эле программаны ишке ашыруу үчүн эки жыл даярданды. Мага өткөн жылы октябрда продюссерликке сунуш түшкөн, Кудай буюрса аракетибиз ишке ашты.

---Уюштуруу иштеринде кыйынчылыктар болдубу?

--Албетте, биздин өзүбүздүн аракетибиз менен ишке ашырдык. Эч кимден эч нерсе күткөн жокпуз. Кыйынчылыктар болду. Бирок бизди биримдик, артистердин бири-бири менен достугу жана Өмүрбек Молдокматов экөөбүздүн канат достугубуз жеңди. Элден акча чогултуп иштеп алалы деген жокпуз.Көрүүчүлөрдөн түшкөн каражаттын баардыгы келген коноктордун келип кеткен чыгашасына гонорарына сарпталат. Биздин негизги демөөрчүлөр, “Green City”, “Redem”  саякат борбору каржылап жардам берди.

--Канча мамлекеттен иллюзионистер келди?

--9 мамлекеттен келди. Франция, Турция жана Кытайдагы болуп өткөн эл аралык фестивалдын жеңүүчүсү казактандык Айтжан Эгембердиев, Өзбекстандан Саидбек Маткаримов, Малайзиядан Азиянын жана АКШнын чемпиону Жэф Ли, Кытайдагы “Волшебство” фестивалынын адамдардын ынандыруу үчүн бирден-бир мыкты манипулятор, кореялык Ансон Ли, “Pacufuc Rim” сынагынын дүйнөлүк чемпиону Давид Давинчи, “Африка мастери” наамынын ээси Андрью Симию Литоро, Казактандан келген кайталангыс иллюзионист Дадо, Россиядан Валерий Бастраков, Кытайдагы “Минуты славы” көрсөтүүсүнүн жеңүүчүсү Эн Пенг Чен келди.

--Мындан ары аталган программа улантылабы же...

--Албетте, кийинки шоуго фокусниктер мага кат менен кайрылды. Буюрса күзүндө же Жаңы жылга карата уюштурабыз деген жакшы ниетте турабыз.

--Чоң рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости