www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРК жетекчиси Илим Карыпбековдун кызматынан кете турганы жалпыга маалым болуп калдыбы, айтор, акыркы күндөрү социалдык тармактарда талкуу боло баштады. Ал тургай Карыпбеков, айрымдарга “эркекче” жоок берип, “буюм-тайымдарымды жыйнаганга 23 мүнөт жетет” деп, өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Ак үйдүн ичинде КТРКнын жетекчилигине тактап айтканда Илим Карыпбековдун ордуна Нурлан Шакиев менен ЖК депутаты Жанар Акаевдин талапкерлиги “тар чөйрөдө” каралып жаткандыгын уктук.

Эске сала кетсек, Нурлан Шакиев NewТВ каналанын жетекчиси. Аз убакыттын аралыгында быкбырдай жайнаган телеканалдардын ичинен өз көрөрмандарын тапкан телекомпания.

Ошондой эле КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков, КТРКга заманбап технологиялык өзгөртүүлөрдү киргизип, имараттын ичин жаңылап, тележурналисттерге болгон шартты түзүп бергенин айтпай кетүүгө болбойт.

Ал эми КСДП партиясынан ачуу чындыкты айтамын деп, четке сүрүлүп чыгып калган жалгыз депутат Жанар Акаев. Жанар мырза, журналистикалык тармакта алдыңкы саптарда турат.

Саясый жагынан алып караганда ар бир бийликтин өзүнүн ишенген адамы кызматка алынат жана ар бир мамлекетте, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн телекомпания болот.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости