www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы бир канча имараттарды тендерсиз, тааныш-билиштик менен курдурганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кабарлады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, 2017-жылы Кара-Суу районундагы Ачы, Араван районундагы Кең-Сай аймактарында курулуш иштери мыйзамсыз башталып, аткаруучуларга 228 миллион сом которулган.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 306-беренеси (Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүү жана мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруу) менен кылмыш иши козголду.
Булак: NazarNews.kg