www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев ишеним арткан балашкасы шымына жаба сийди. Акыркы күндөрү эмне кылаарын билбей, ары караса Алмазбек Атамбаев, бери караса Сооронбай Жээнбеков, кыскасы эки оттун ортосунда калды. Быкбырдай кайнаган кеңешчилеринен деле акыл чыкчыдай эмес окшойт.  Ошондуктан кыргызгы Гарварддан окууну бүткөн эмес, кыргызга кыргыз деп журөгү күйгөн инсан керек экендигин турмуш дагы бир жолу тажрыйба түрүндө көрсөттү окшойт.  Ток этээрин айтканда баланын иши чала болуп турган маалы.   

Дегеле барган сайын Алмазбек Атамбаевдин  командасына элдин  ишеничи кетип, президент Сооронбай Жээнбековго ишенимин артып турат. Бийликке азырынча аралшпай турган президенттин иниси Асылбек Жээнбеков агасына ачык колдоо көрсөтпөгөнү менен сырттан карап тургандыгын айдан-ачык, бештен белгилүү.

Эми далилдерге токтололу. Алмазбек Шаршеновичдин кадрлары арта кайта баштады. Мурдагы Ажо Атамбаевдин аппарат башчылыгы кызматын аткарган Фарид Ниязовдун кызматтан кетишин алсак болот.

Кызыгы, бул орун бир күн, бир жылга тете болуп турганда, килтейген президенттин аппарат башчылыгы кызматы бош турат. Демек, Кыргызстанда бул кызматка татыктуу адам чыкпай, тандалбаганы  Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы мамиле жылуу эмес экендиги коомчулукта оркоюп көрүнүп калды. Буга Кыргызстанда киши калбай калгансып, Мукан Абылгазиевден “кемпирдин кепичиндей” мактаганы  коомчулуктун кыжырын келтирип турат. Ал эми мурутчан Дүйшөн Ырсалиев жергиликтүү ММКларга  аппарат жетекчилигине атынын аталып калышы аргасыз жылмайтат.

Атамбаев азамат экен. Өзүнүн жан-жакасындагы ишеимдүү кадрларын баарын өстургөнгө аракет кылды. Тилекке каршы, кадрлары коомчулук арасында колдоого алынбай күндөн-күнгө сааттан-саатка аброю түшүп бара жатат. Сапар Исаков кетсе ордуна Иса Өмүркулов келет деп айрым басылмалар жазып чыкты.  

Ак үй тарапка күбүрт-шыбырттарга таянып көрсөк, өкмөт башчылыкка Алмазбек Атамбаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраевди көрсөтүп, ак батасын берген имиш. Демек жакынкы күндөрү “Т9” менен аты чыккан Албек Ибраев “балапан” Сапар Исаковдун ордуна барып калышы мүмкүн экен.

Ушул кошоматчылык жол менен кете беребиз десе, бүгүнкү күндө Ажобуз өзүнөн “слабый” ишин чала билген, саясатта эки сүйлөгөн, келишимдерин так аткара албаган, бирок Жогорку Кеңешке “тапан”, Тынар Курбаналиев айткандай “120 койго жем чачкан”  “Сүмбүлдөй” болгон жардамчы чабан керек. Эгерде Сооронбай Шарипович, “кыргыз элинин келечеги үчүн кадам таштаса, Кыргызстанды өнүктүрөмүн, элди жакшы жашоого алып келемин” деген ой бар болсо баарына чечкиндүү кадам таштап,  парламент колдой турган таза жана эл үчүн кызмат кылган, аттишти 600 долларга сатып албаган, ач көз, сук, эмес токпейил, акчаны көргөндө көзү ойнобогон кадрларды тандап алышы керек. Мындай адамдар кыргыз элинин арасынан четтен чыгат. Ойчул акын, Арстанбек Буйлаш уулу айткандай: “эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң”, дегендей Сооронбай Шариповичге эл ишенимин артып турганда, кыргыз элине жанын берген, эл уулун тандаш керек. Эртелебесе, “жаз жарыш- күз күрөш”, “жаздын бир күнү бир жылга тете” дегендей, ТЭЦдеги күнөөлүүнү жазга чейин териштирип олтура берсе, жазгы талаа иштери калып кетеби деген ой жаралат. Кыргыз элим, берекем, алтынадарым, космосторум, ынтымактуу бололу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости