www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тобо, анын көзү өтүп кеткенден кийин мобилдик телефон аркылуу сүйлөшкөм өзү менен, таң калычтуу. Өлгөнүн билген да, уккан да эмесмин. Ооба, ал киши менен мен кокусунан таанышкам. Жөн таанышпай адегенде урушуп таанышканбыз. Адегенде катуу уруша кетип, анан бара-бара бири-бирибизди түшүнүп жакшы мамиледе болуп кеттик.

Мен ал мечитке эрте туруп багымдат намазын окуганы баргам. Барсам мечитте эч ким жок экен, сырт жак капкараңгы, кыш мезгили болчу. Ичинде эч ким жок болгондон кийин азан чакырмак болуп микрофонду иштеттим. Анткени мурун башка мечитте азан чакырып калчумун. Жаңы эле азан чакырып баштаганда, эшиктен бирөө кыйкырып кирип келип эле микрофондун тогун өчүрүп салды.

- Ай, сен кандай немесиң ыя, чоочун мечитте өзүңдү-өзүң билип, кожоюндук кылып азан чакырганга кандай акың бар, токтот!

Жаңы эле азанга берилип кыраатка салып көзүмдү жумуп алып, үнүмдү болушунча созуп азан чакырып аткам. Күтүлбөгөн кыйкырыкка зсиме келе эмне болуп кетти деп, эч нерсе түшүнбөй арт жагыма бурулуп карадым.

Жашы алтымыштан өтүп жетимишке чукулдап калган, сакалы бакжагай, башына ак селде кийген чапанчан киши мени жаман көрүп карап туруптур. Оңтойсуз абалда боло түштум.

- Мен азан чакырып баштагандан кийин жөн эле койбойт белеңиз, аягына чыгып бүтүрүп таштамакмын.

- Жок болбойт, тур мын-дай, өзүм чакырам!

Мен дагы ага ачуум келе түштү, микрофонду бербей бир топ акыйлаша кеттик. Сырт али капкараңгы, ичинде экөөбүз эле болчубуз, бир топ акыйлашып барып токтодук. Анын улуулугун сыйладым, тек гана мага жасаган орой мамилеси жаккан жок. Мен ошол күндөн баштап ал мечиттеги жамаатка кошулуп, амалдарга катышайын деп жаткам. Анан ошол күндөн баштап мечитке келе баштадым. Эртең менен эрте туруп мечитте эч ким жокто келем, бирок азан чакырганга даабайм. Ал киши келип, эрте келген мага жаман көзү менен карап коюп өзү чакырат. Мечиттин жарыгын күйгүзөйүн десем, ага да болбойт.

Бул мечиттегилердин бардыгы ушундай такыбабыз, жарыкты күйгүзбөй караңгыда окуйбуз!

Ошол жерден дагы бир топ кыяма айтыша кеттик. Дагы эле экөөбүз болчубуз. Бир күнү көчөдогү маршрут  автобустарды күткөн аялдамага келсем ошол киши туруптур, атайын басып барып учураштым.

- Кез-кез сиз жокто мен азан чакырып турайын, же жумасына бир-эки жолу азан чакырайын, ошого мүмкүнчүлүк бериңиз? - деп сурандым. Ал өзүнчө күңк-мыңк сүйлөнө жакшы жооп бербей кетип калды.

Дагы бир күнү таң атпай келип мечитте жалгыз отурсам, ал киши келип калды.

- Кана, азан чакырып көрчү, угайын?

Мен ордумдан кубана атып туруп микрофонду иштете, өзүмдүн кыраатыма салып болгон күчүм менен кыйкыра азан чакырып кирдим. Анан анын жанына келип тизелеп отурдум. Ал бир азга унчукпай отурду да, акырын үн катты.

-  Жаман эмес, бирок бир топ кемчиликтер бар экен, ошонуңду   оңдо!   Анан   ал азан   чакыруунун   жол-жобосун, кыраатын, ар сөздүн так-так   айтылышын,   кайсыл жерде созулат, кайсыл жерде   созулбайт   түшүндүрүп кирди. Ошентип отуруп дал эле өзүндөй кылып азан чакырганга үйрөттү.  Экөөбүз алмак-салмак азан чакыра баштадык. Азан чакырып жатканда, кимибиз азан чакырып жатканыбызды сырттан уккандар айырмалай албай   калышчу. Ошондон баштап акырындап бири-бирибизге   жакындай   баштадык. Мечитте олтурганда кээде күтулбөгон жерден “Тур, азан чакыр!” деп мага буйрук берет. Мен дароо ордумдан тура калып, кубана чын ыхласым менен азан чакырам. Баса айтмакчы, үйүбүз да бири-бирибизге жакын экен. Мечиттен эки-үч чакырымда аралыкта турабыз. Намаздан соң чогуу сүйлөшүп жөө кайтып келебиз, ал дагы үй турмушундагы ички сырларын айтып берет, мен дагы айтам. Жол карата Алланы улуктайбыз. Кыскасы, ошентип жүрүп бири-бирибизге жакшы, ысык болуп кеттик. Аны эки-үч жолу үйгө да чакырып алып келгем.

- Менде жумуш чыгып калганда, сага телефон чалып коюп турам. Сен өзүң барып азан чакырып коюп тур, макулбу? - деп менин мобилдик телефонумдун номерин жазып алды. Мен дагы анын номурун алып, ага “Азанчы Алтымыш” деп жазып  койдум.  Анын жумушу чыгып калганда мага телефон чалып коёт, мен аны жоктотпой мечитке барып азан чакырып калам.

Ошентип жүрүп бир күнү эки-үч жумушка орношуп, азан чакырмак турсун мечитке да бара албай калдым. Жумушка эрте кетип, ал жактан кеч келип колум бошобойт. Бир канча жолу телефон чалды "азан чакырып койчу?" деп, мен жумуштан колум бошобой жатканымды айтам.

Дайыма эртең менен эрте туруп жумушка кетип баратканда, Алтымыш аксакалдын үнүн угам, азан чакырып аткан үнү бүт айылга жаңырат. Аялдамада турганда аньш кыраатын кайталап угуп тура берем. Бир жолу үйдөн сыртка чыксам, анын азан чакырган үнү кадимкидей тапатак угулуп жаңырып жатыптыр. Ушунчалык жагымдуу угулду кулагыма, сыягы ошондо акыркы жолу айтып атса керек.

Бир күнү үйдө уктап жатсам түн ортосунда мобилдик телефонум шыңгырап калды, ала салсам Алтымыш аксакал экен. "Сен мындан кийин дайыма мечитке барып азан чакырып тур" деп калды. Анын үнү тээ алыстан араң-араң эле угулат. Эртеси күнү түн ичинде ага телефон чалып колум бошобой жатканымды айттым.

- Сен чакырбасаң болбойт, мен го чакыра албай калдым...

- Сизге эмне болду, ооруп калдыңызбы?

- Жооп болгон жок. Ошонун эртесикүнү эле ошол мечиттеги бир таксыр мага телефон чалып атпайбы.

- Алтымыш аксакалды уктуңузбу, мындан бир жума мурун каза болуп калбадыбы?

- Кой, мен түндө эле аны менен телефондон сүйлөшпөдүмбү...

- Ооба,  анын  көзү өтүп кеткенине бир аптадай болуп калды. Сөөгүн айылына алып барып өз колум менен коюп, топурак салып келдим.

Таң калып калдым, кечөө гүнү мага өзү чалбады беле, ооба, өзүнүн эле үнү болчу. Мен анын үнүн жакшы тааныйм да.

Анан кечке маал үйдө жалгыз отурганда, мобилдик телефонумдагы "Азанчы Алтымыш" дегенге чалып көрдүм. Үнү тээ алыстан угулат. "Угуп атам, Азан эмне чакырган жоксуң?" деген үндү угуп аз жерден өзүмдү жоготуп коё жаздадым. Анан ишенбей эки-үч жерге чалдым, бардыгы эле бир жума мурун көзү өтүп кеткенин айтышат. Маркумдун тааныш үнү кадимкидей кулагыма жаңырып турду. "Эмне менин кулагыма угулуп жатабы ушундай?" деп экинчи жолу телефон чалгандан дагы чочулап калдым. Тобо, ушундай да болот экен. Ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу, жаны жаннатта болсун. Оомийин!

С. Калманбетов Ак Өргө конушу

Булак: Шамбала

Последние новости