www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АК ҮЙ- ШЫБЫРТ: СДПК ичинен иридиби?

Так ушул таптарда Кыргызстанда Алмазбек Атамбаевдин кийин Хан тактыга ким келеээри кызуу талкууга алынууда. Баарынан да жакынкы аралыкта, “мен президент болгондо, тоонун томкоруп, Кыргызстанды гүлдөтүп, экономиканы өркүндөтүп, мышыгыңарга чейин аптапта жатып калат”,  деген баягы эле куру убадалар айтылат. 

Анысы аз келгенсип, артистер ырдап, салюттар атылып, талапкерлер үстөккө –босток чепкен кийип, аксакалдар дагы кайсы талапкер барбасын “омийин, президент бол, уулум”  деп батасын бере турган убакыт келгени калды.

Ошентип, бул балакет балит саясат, тууганды туугандан, досту достон айрып, касты кайра дос кылмай болуп бүттү окшойт. Тилекке каршы Кыргызстанда 5 млн калк болсо, 500дөн ашуун партия бар. Өкүнүчтүүсү бардык партиялардын лидерлери президент болгусу келет. Алардын ичинде түбөлүк талапкерлер дагы бар экенин айтпай кетүүгө болбойт.

Алсак, эртең эле алкынып Акун Турсун, өй деп өкүрүп, мына мен деп Өмүрбек Бабанов, ары жактан балпайган Бакыт Төрөбаев чыкса, булар го мейли элге таанымал, Москвадан алыстан ат арытып келдим, мен баарын кыйратам жыргатам деп адатына салып, доктор Апас келет. Кыскасы кызыктар али алдыда. Президенттикк талапкерлердин саны көбөйүп, өлүмүшү, кыйыны, кыбараганы, алжыганы, тыртаңдаганы, шыйпаңдагына деле президенттикке талапкер болуп чыга келет. Анан колдорунан коко тыйын келбегендери деле желек көтөрүп чуркай бериши толугу менен мүмкүн.

Эми кандай болгондо дагы жөжөнү күзүндө санайбыз. Бирок жөжөлөрдүн көпчүлүгүнүн саны көп, сапаты жокторго кирет. Канткен күндө да “эл тараза эл сынчы” дегени менен элибиз деле шайлоо учурунда арзыбаган акчага сатылып, чыныгы талапкерин тандай албай калууда.

Кандай болгон күндө дагы көпчүлүктүн көңүлү так ушул тапта СДПКга бурулуп турат. Жакында Сооронбай Жээнбеков аталган партиядан президенттикке талапкер катары аттанды. Дегени менен бизге жеткен маалыматтарга караганда СДПК ичинен үчкө бөлүнүп, үйүрү үркүп турган мезгили экен. Анткени Сокени жактырбагандар бетине айталбаса дагы артынан шыбырап, “Жээнбековго караганда Сапар Исаков жакшы болчу” десе, бири “Иса Өмүркулов эмне иштей албайт беле” деп каарданса, бири тегирмендин парасынан бактысы ачылган Чыныбай Турсунбековду акырын үнүн чыгарып айткан мезгилдери экен. Кыскасы СДПКдан ырк кетти дейт, - ишенимдүү булактар.

Кандай гана болбосун Кыргызстанга таза кандуу, кыргыз деп жанган, жүрөгүндө ыйманы, жүзүндө жылдызы, эл аралык этиканы билген, сайдын ташындай салмагы бар, камчысы каттуу, учурда жегендерди кустурган, ат тизгинин кайра тартпаган президент келсе деген тилек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости