www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү ачык өткөн сот отуруму бир топ адамдардын патриоттуулук, принципиалдуулук жана адилеттүүлүк сезимдерин ойготту. Анткени камакта олтурган Текебаев кайратынан тайбай, чындык үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн күрөшүн улантаарын билдирип өттү. Эл арасында Текебаевге болгон ишеним дагы күч алды. Эгерде ушул күнгө чейин Текебаевдин сотун ачык өткөрүшкөндө, эбак эле эл арасында бийликтин аброю төгүлүп, шылдың болушмак. Бүгүнкү сот процесси бийликтин чыныгы жүзүн дагы бир ирээт көрсөттү. Коомдун активдүү бөлүгү жаштар болуп саналат. Ал эми Кыргызстан бизге, жаштарга керек. Эгер өнүккөн өлкөнү кабыл алабыз десек, бизге жол көрсөткөн татыктуу жол башчыны тандайлы. Ал жол башчы, улуттук Лидер Текебаев. Биз бүгүн Өмүрбек Текебаевди колдобосок, эртең кеч болуп калат. 25-жыл биз үчүн, мекен үчүн уурулар менен күрөшкөн Текебаевди президент кылуу убактысы келди. Мындан ары уурдап, тоногонго жол бербейли достор.

Турсунбек Бейшенбеков, "АДИЛЕТ" жаштар кыймылынын төрагасы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости