www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аккардеонун колго алып обон созгондо бул мырзаны сүйүп тыңдап, ашык болгон айымдардын катары суулбайт. Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери карапайым калктын көңүлүнөн орун алган жөнөкөй, өзгөчө чыгармаларды аткарып жүргөн Бек Борбиев менен болгон маекке назар салыңыздар!

- Саламатсызбы, Бек мырза! Бир канча жылдан бери бийлик тарабынан куугунтукка кабылып, чыгармачыл инсан болуп туруп каалаган концерттик залга жеке концертиңизди тартуулай албай келдиңиз. Бут тосууларга чекит коюлдубу?

- Бут тосууларга чекит коюлду деп айта албайм. Мен муну бут тосуу деп да эсептебейм. Убагы келгенде бул нерсенин баардыгына жооп берчү адамдар жооп берет деп ойлойм. Анткени биз концерт койгонго эмнеге зал берилбей жаткандыгы тууралуу расмий түрдө тиешелүү адамдардан жоопторун угуп, каттарын алганбыз. Мына ошондуктан бул нерсенин баардыгын кийин сүйлөшө турган маселелер деп билем.

- Ар бир чыгармаңыздын обону менен сөзү шай келип, бир топ хит ырларды аткарып элдин эсинде калдыңыз. Хит чыгарманы жаратуу үчүн өзгөчө сырыңыз барбы?

- Хит ыр жаратууда өзгөчө сырым бар деп айта албайм. Себеби, бул нерсенин баардыгы адамдын жаратылыш табиятынан, кулк-мүнөзүнөн, чыгармачылыкка жакын болуп өскөн чөйрөсүнөн, тарбиясынан деп ойлойм. Убагында мен улуу инсандардан жакшы тарбияларды көрүп калгам. Ар бир инсан үчүн сүйүктүү кесиби оңой, жеңил жана эч бир көйгөй жаратпагандай болушу керек деп эсептейм. Мен ушул жашка келип обон жаратуудан же ыр жазуудан эч качан кыйналган жан эмесмин. Колумдан эң жакшы келген иш чыгармачылык.

- Обондуу ырларыңызга сан жетпейт экен. Анан да обонсуз ыр саптарды да акыркы учурда көп жазып калдыңыз. Эргүүнү кайдан аласыз жана өзүңүзгө таандык автордук китеп чыгаруу оюңузда барбы?

- Обонсуз ыр саптарды жаш кезимен эле жазчумун. Ал убакта интернет жок болчу. Жазганым жазган жерде калып, барактары айрылып дептерлерде кала берчү. Азыркы учурдагы интернеттин бир пайдасы ыр саптарын жазып, дароо социалдык баракчама жүктөп койсом күйөрмандар ж.б каалаган адамдар окуп, ошол жерде архив болуп сакталып кала берет экен. Мага ушул жагы абдан жакты. Мурда жазган ырларым абдан көп. Анын баарын азыр эстей албайм. Бирок, Кудайга шүгүр аз да болсо ыр саптарым сакталып келе жатат. Жакындарым 50 жашка карата китеп чыгар деп айтып жатышат. Буюрса, мына ошол китепке ыр саптарымдын жакшылары тандалып кирип калышы мүмкүн.

- Бүгүнкү күндө сиздин ырларыңызды атактуу ырчылардан тартып, элге таанылбаган жаш аткаруучулар да ырдап жүрөт. Ар бири сиздин уруксаат менен ырдашабы? Чыгармаларыңыздын автордук укуктары корголгонбу?

- Бардык ырларымдын авторлук укуктары корголуп, каттоодон өткөн. Ал эми аткаруучулардын баардыгы эле сурап ырдай бербейт. Сурабай деле ырдап жүргөндөр бар. Алардан “Эмнеге сурабай ырдап жүрөсүң?” деп суракка албайм. Ырларым аз, саналуу болгон болсо, балким сурамактырмын. Мен баймын да, ырларым көп. Мына ошондуктан анча-мынчалары сурабай ырдашса деле болот. 

- Сиздин эски ырларга жаңы өмүр тартуулап жүргөн ырчылардын кимиси сиздин ырыңызды купулуңузга толтура аткарып чыга алды?

- Менин ырларымды Мая деген ырчы кыз жакшы ырдачу. Кийин ал ырчылыкты таштап койду. Маядан сырткары Асель Турдалиева башынан баштап купулга толоорлук кылып аткарып жүрөт. Менин ырларымды аткарып жүргөндөрдүн ырлары менин купулума толушу керек эмес. Себеби, мен көрсөткүч эмесмин. Эң башкысы элге жагып, элдин купулуна толсо мага да жагат. Элдин арасында мен да бармын.

- Акыркы учурда кыргыз жаштарынын арасында оор кылмыштарды, жосунсуз жоруктарды жасап жаткандар көбөйдү. Бешиктен бели чыга элек жаштар соттолуп, издөөдө жүргөндөрүн көзүбүз менен көрүүдөбүз. Сиз кандай ойдосуз, коом бузулдубу же адамдар бузулдубу?

- Балык башынан деп эсептейм. Биздин азыркы өкмөткө, бийлик башчыларына ачык эле оюмду билдирип келем. Көп туура эмес иштерди жасап, иштеп жаткандарын айтып эле келе жатам. Ошолорду айтып жүргөнүм үчүн концерт бере албай, эми койдум. Бул нерсенин баардыгы көпчүлүккө белгилүү эле иш. Коомду кимди бузат да ким оңдойт? Бул суроого түздөн-түз өкмөттүн, бийликтин тиешеси бар. Элди ишендирип, бийликти ким алды колуна мына ошолор коомду алдыга тартып, оңдош керек. Анча-мынча жерлерди түздөш керек. Эгерде азыр коомубуз бузулуп, деградация болуп жаткан болсо, албетте азыркы бийликти күнөөлөйбүз. Таза коомду түптөө үчүн элибиз да билимдүү болушу зарыл. Сабаты жоюлган эл болсо, албетте кылмыштуулук, жаман иштер, мусулманчылыкка жана өзүбүздүн кыргыздын менталитетине жакпаган иштер аз болот эле. Элди билимдүү кылыш бийликтин жоопкерчилигине, милдетине киргизилет.  

- Атактуу болгон соң, анын артынан сөзсүз жакшы, жаман сөздөр ээрчийт. Сиз тууралуу ушак-кеп айткандар да көп. Өзүңүз тууралуу кызык кептерди айткандарга эмне дейсиз?

- Мен 20 жашымда элге белгилүү болгом. Ошол жашымдан тарта эле артымдан сөз келе жатат. Кандай сөздөр болгон күндө да мен көнүп калгам. Албетте, сын-пикирлерди укпай койбойм, угам. Деңгээли бар инсандардан негиздүү, туура сындарды уксам, сөзсүз жыйынтык чыгарам. Ал эми ушак кептерге көңүл бурбайм. Мен өзүмдүн жашоомду өзүм чечип келген адаммын жана мындан кийин да өзүм чече берем.

- Сиз менен Ыйык Рамазан айында баарлашып олтурабыз. Орозо туттуңузбу жана биздин окурмандарга кандай каалоо-тилектериңиз бар?

- Орозону жыйырма беш жыл мурда кармап баштагам. Ал убакта Орозо кармаган адамдар абдан аз болчу. Айрым жылдары Орозо биздин гастролдук иш сапарларга туш келген учурда бузуп алып, кармабай калган учурлар да болгон. Кармабай калган жылдарды кошпогондо баш аягы он беш жылдан бери тынымсыз Орозону кармап келе жатам. Быйыл да Орозо кармап, концерт бердим. Биринчиден, Орозону Алла Талаа үчүн кармайбыз. Экинчиден, Алла Талаа үчүн кармап жатып, ден-соолугубузга, жан дүйнөбүзгө руханий байлыкты  абдан көп пайда табабыз. Мына ошондуктан жыл сайын Орозону чыдамсыздык менен күтөм.

Ыйык Рамазан айында кечиришели, бири-бирибизди капа кылбайлы. Бир ай аралыгында ата-эне, бир тууган, үй-бүлөбүзгө, досторго жакын болуп, мамилелерди бекемдейли. Элибизде ар дайым тазалануу, аруулануу, жакшылыктар көп болсун!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости