www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында камакка алынган "Электр станцияларынын" башчысы Узак Кадырбаев Сапар Исаковдун үстүнөн көрсөтмө берип атыптыр деген ишенимдүү булактардан маалымат тарады. Көрсө Исаков мурунтан эле Кадырбаев экөө Калиевден сырткары иш жүргүзүп келишиптир. ТВЕА фирмасы менен келишимге тиркемеде 25 наамдан турган жабдууларга 100 миллион долларды бөлүп жазып коюшуптур.

Бул боюнча азыркы убакта Кытай жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алардын кызматташуусу суралып атыптыр. Ушул жумада Цзи Циньпинь менен жолугушуусунда "баардыгы жакшы, артымдан душмандар түшүп атат, кытай фирмаларына жана өкмөтүнө эч кандай дооматыбыз жок" деп алдын ала жарыялаптыр.

Бейжиндеги Албек Ибраимовдун бир тууган күйөө баласы элчи болуп турганда, Кытай бул суроо боюнча тергөө кызматташууга барган күндө дагы, маалымат Бишкекке жеткизилбей, элчи мырза жашырып турары анык.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости