www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Малика, имиджиңдин өзгөрүшүнө ким себепкер?

- Чачым узун кезде кырккандан, боёгондон коркчумун. Бирок, жаңы жашоо баштоо үчүн сөзсуз өзгөрүү болуу керек. Мына ошондуктан, мен имиджимди өзгөртүүнү чечтим.

- Ырчылыктан кете албай жүргөнүңө 3 мүнөт ырдап, 300 доллар алуу кызыктырбай элеби?

- Мен кичинемден сахнага чыгып, элге кызмат кылып калуум жөн жерден эмес. Көп эмгектенип, талантым менен элиме кызмат кылгым келет.

- Ушул күнгө чейин эң маанилүү күн кайсы болду сен үчүн?

- Маанилүү күндөрүмдүн бири “эне” статусуна ээ болгон күнүм. Аны ар дайым жагымдуу көз ирмем менен эскерип турам.

- Кандай косметикалык каражаттарды пайдаланасың?

- Мурда ар кайсы фирманын мыкты косметикалык каражаттарын топтогонго аракет кылчумун. Азыр болсо кореялык косметикага өтүп кеттим. Алгач колдонгон күндөн тарта мага абдан жаккандыктан, баш тартпай келем.

- Жеке жашооңдогу кризистен чыктыңбы? Арыктоо диэтасына олтурдуңбу?

- Стресстен чыктым. Андан чыккан соң диэтага олтуруунун кажети жок болуп калды. Анткени, жакшы маанай менен жүргөндүктөн, тамакты деле унутуп калат экенсиң. Стресске кабылганда абдан толуп кеткем. Азыр бир аз болсо да салмак таштадым.

- Атаң менен катышып турасыңбы?

- Мурда тез-тезден катышып жүрчүбүз. Акыркы учурда байланыша элекпиз. Убактысы тар болуп жатат окшойт. Кандай гана болбосун ал менин атам. Сөзсуз жолугуп сүйлөшөбүз.

- Сени абдан ишенчээк деп айтышат. Ушул чынбы?

- Чын. Мени алдап кетиш беш секунд. Азыр ишенчээк болбогонго аракет кылып жатам. Бирөө бир нерсени сүйлөп жатканда аны жакшы угуп, андан анализ чыгарып анан жооп берген оң экенин түшүндүм.

- Белек бергенди жакшы көрөсүңбү же алгандыбы?

- Белек бергенди жакшы көрөм. Себеби, кимге белек бере турган болсом анын белекти алып жаткандагы сезими көз алдыма түшөт. Ошондуктан, жакындарыма көбүрөөк белек тартуулап турам.

- Күнүгө эртең менен турганда эле боёносуңбу же сыртка чыкканда элеби?

- Өзү аялзаты болгон соң үйдөбү же сыртта болобу өзүнө карап сулуу болуп жүрүшү керек. Биз абдан күчтүү болгон соң баарына жетишсек болот. Мен айрым учурда көчөгө боёнбой чыгып кете берем. Мына ошол учурда көптөр мени “Өзүңдү карап жүрбөйсүңбү?” деп урушушат.

- Тишиң сенин келбетиңди бузгандай. Оңдотуп алсаң болбойбу?

- Мен 21 жашка чыканга чейин тишимди оңдотоюн деген бир дагы оюм жок болчу. Себеби, өзүмө абдан жакчу. Бирок, убакыт өткөн сайын организм өзгөрүлүп, өзүңө да жагымсыз боло баштайт экен. Былтыркы жылдан тарта брекет тагып, оңдотуп баштадым. Буюрса, ушул жылдын соңунда оңолот деген ниет бар.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости