www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент эртең, 16-апрелде КСДПчы депутаттарды чакырып жыйын өткөрүп жатат.  Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, жолугушууда Премьер-министр Сапар Исаковдун отчетун кабыл алып берүү өтүнүчүн айтат.

Андан тышкары, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун мандатын алуу боюнча кеңешип,  КСДП фракциясынын депутаттарына буюртма берет.  

Журналист Дайырбек Орунбеков: "Бул дагы болуп келген тирешүүнүн ыкмалары. Бирок, кыргызда саясаттан дагы улук, ата-баба салтында сакталып келген нарк-насилдер бар.  Кечээ эле, Жээнбековдор бир тууганы маркум Кантөрө аганын жылдык ашын беришти. Кыргызда муну ак кийди деп коет. Мындай мезгилде жакшы сөз айтып жубатып, көңүлүн көтөрөт кыргыздар бири-бирин. Дүйшөмбү күнү маркум Кантөрө ага жетекчи болуп иштеп кеткен Жалал-Абаддагы окуу жайында анын илимий эмгектерине арналган эскерүү иш-чара өтөт экен. Ал иш-чарага Асылбек Жээнбеков катышса керек. Ушундан пайдаланып, Экс-президент КСДПчы депутаттарды чогултуп кутум уюштуруп жатканы өтө туура эмес. Бул адамгерчиликке, нарк-насилдерибизге, кыргызчылыгыбызга туура келбеген жорук! КСДПчы депутаттар дүйшөмбү күнү сыналат окшойт. Эми кимдер автобус менен резиденцияга бараарын көрөбүз. Ошол күнү кимдин ким экенине баа берчү убакыт",-дейт ал.

Жашыруун өтмөк болгон жыйыны ачыкка чыгып кетип, көп депутат келбей коюшу да мүмкүн. 7-апрелде 10 миң адам алып чыгууну максат кылган Атамбаевди эч ким ээрчибей бир уят болгон. Эртең депутаттар келбей, Атамбаевдин сунушун колдобой дагы уят болбогой эле!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости