www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Джекинин ата энеси Кытайдан Гонконго граждандык согушта качып келишет. Эки кат болгонуна 10 айдан ашык убакыт өтсө да төрөбөй жүргөн апасын операция кылып төрөтүп алышат. Ошентип 1954-жылы апрелде 5 кгдан ашык салмак менен наристе жарык дүйнөгө келет. Ага Чэнь Ганшен деген ысым ыйгарышат. Которгондо "Гонконго төрөлгөн" - дегенди билдирет. Чэнь 5 жашка чыкканда ата энеси Автралияга көчүп келишет, колунда жок үй-бүлөнүн уулу болгондуктан кичинесинен тартып акча табууну өздөштүрөт. Атасы уулунун күчтүү өзүн өзү коргой билишин каалап кичинесинен машыктырып чоңойтот. Аты Чэнь болсо кантип Джеки ге айланды деп таң калып жатасызбы окурман? Чэнь Автралияда курулушка жумушчу болуп ишке кирет. Курулушта Джеки аттуу киши да иштечү. Иштегендер кытай баланын атына тили келбей "кичинекей Джеки" деп атап алышат. Жаңы аты Чэнь ге ийгилик алып келип, Джеки каскадёрлук кылып акча табууну өздөштүрүп, эпизодторго тартылып режиссерлордун көзүнө көрүнө баштайт. Джеки Чан кинолордо көп коркунучтуу трюктарды өзү жасаган үчүн денесинде сынбаган соо жери калган эмес. Өзүнүн карьерасына абдан кылдат мамиле жасагандыктан канчалаган кинодо оң каармандын гана ролун ойногон. Терс каармандын ролун 5 жолу гана жараткан. Джеки легендарлуу Брюс Ли менен да чогуу кинодо ойноо бактысына ээ болгон. Кинодогу кадамын каскадёрлуктан баштаган үчүн Джеки "Проект - А" каскадёрлор тобун түзгөн, өзү мүнөзү жумшак, боорукер кайрымдуу ак көңүл жөнөкөй адам болгондуктан каскадёрлор тобуна да жакшы (без вредных привычки) жигиттерди топтогон. Профессионалдык жөндөмдүүлүгүнөн да биринчи адамдын мүнөзүн адамгерчилик сапатын баалагандыктан айласында жалаң жакшы адамдар. Кинодогу кошкон салымы үчүн 2016-жылы Оскар кино сыйлыгын алган. Жаңы кино жанрды ойлоп тапкан. Аялы менен Тайванда киносьемкада таанышып турмуш курган, бир уулдун атасы. Атактуу актёр көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап колунда жокторго майыптарга жардам берип келет. Джеки Чан жакшы ырдайт, 20 ашык ыр альбомдорун чыгарып 100 дөн ашык ырлары бар, 3 тилде ырдай алат.
Аймира Калыкова
Булак: NazarNews.kg