www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жума күнү COVID-19 жугузганы аныкталган соң АКШ президенти Дональд Трамптын абалы дароо начарлап кеткен. Бул тууралуу Fox News телеканалына Ак үйдүн администрациясынын жетекчиси Марк Медоуз билдирди.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп менен кошо анын аялы Мелания Трамптан коронавирус табылгандыгы тастыкталган.
"Биз абдан тынчсыздандык. Анын дене табы көтөрүлүп, канындагы кычкылтек дароо түшүп кеткен", — деди ал.
Медоуз кошумчалагандай, азыр президенттин абалы жакшы, анын калтырагы басылып, канындагы кычкылтектин деңгээли көтөрүлдү. Трамп азыр оптимисттик маанайда.
Булак: NazarNews.kg