www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Нижний Новгород шаарында ички иштер башкармалыгынын имаратынын жанында өзүн өрттөп көз жумган журналист Ирина Славинаны эскерген тактаны алып салышканын жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, ал жерде полиция күзөттө турат. Мындай көрүнүшкө нааразы болгон айрым шаар тургундары бийликти «болуп өткөн окуяны унуткарууга аракет кылып жатат» деп сындашууда.

Славинанын жакындары журналист каза болгон жерге гүл алып келүүгө чакырышууда.

Орусиянын Тергөө комитетин Ирина Славинанын өлүмү боюнча иликтөөнү баштаган.

Нижний Новгород шаарындагы «Koza Press» басылмасынын башкы редактору Ирина Славина 2-октябрда Нижегород облустук милициясынын имаратынын жанында өзүнө өрт койгон. Андан журналист эсине келбей каза тапкан.

Славина жетектеген «Koza Press» басылмасы Нижний Новгороддун бийлигин сындаган макалаларды жарыялап келген.

Буга чейин Ирина Славина «Фейсбуктагы» баракчасына «менин өлүмүм үчүн Орусия Федерациясын күнөөлөгүлө» деп жазган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости