www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйдө ким ак ниети менен, ким кара ниети менен иштейт?

Акаевдин баласы раматылык Айдар Акаевдин, күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин  айланасында акча десе кырынан жата калган Аманкулов Марат деген маараганы текке кетпегендердин “ячейкасы” түзүлгөн. Буларды мамлекеттин келечеги эмес, капчыгынын кенендиги кызыктырган. Ошондуктан, совет мамлекети учурунда ооматы келип жарым кылым ичинде боз үйдөн коммунизмди көздөй секирип кеткен кыргыздын дүр-дүнүйө оокатын бир заматта көзгө илдирбей илип кетишкен. Акаев Аскар өзү кызматын баштаганда ак ниети менен баштаган. Борбор Азияда биринчилерден демократия орнотуп, элге эркиндик берген. Бирок курсагы ач болсо, эркиндиктин кимге кереги бар эле. Чек арада эки чымчык жолугуп калат, бири айтат мен Кыргызстанга баратам, Казакстанда курсагымды тойгузуп алдым деп, экинчиси айтат имиш, Кыргызстанда сайрап жатып курсагым ачты, Казакстанга барып курсагымды тойгузуп келейин деп. Ошол сыңары, Кыргызстанда демократия болгону менен Батыштын демократиясы ары-бери калчап отуруп, Кыргызстанды талап-тоноп жок кылышты.

Акаев Москвага качкан соң, анын бала-бакырасын курчап жүргөн топ кийинки президенттин баласын айланасына чогулушкан. Бул топтун мурду жытчыл, Атамбаев балдарын саясатка аралаштырбай, бийликти шопуру Икрам Илмияновго өткөргөн соң, баягы айланчыктап жүргөн топ “мамлекеттик шопурдун” айланасына, СДПК партиясына Марат Аманкуловдун тегерегине чогулган.

Учурда Марат Аманкулов баш болгон бул топ кеңгиреп кайда барарын билбей, Абылгазиевдин айланасына топтолуп жаткандай. Акаевдин балдарынан бери келе жаткан Марат Аманкулов сыяктуу байбачалар, ким бийликте болсо ошого жүгүнүп иш кылып келатышат. Кокус эмки бийликке бир нерсе болсо, шыйпаңдап азыр ашатып жаткандарына барары шексиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости