www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коронавирус инфекциясы (COVID-19) боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жеке жактарга жана соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан тыйылуу, жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды.
Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү, ушул токтомдун жоболорун сактоо боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Булак: NazarNews.kg