www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаз алды менен курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар (сасык тумоо) дагы пайда болушу мүмкүн. Ошол себептен адистер коронавирус менен сасык тумоонун белгилерин кантип айырмалоо керектигин жазып чыкты.

--Адам алгач коронавирусту жуктуруп алгандан кийин анын белгилери 2–14 күндөн кийин гана байкай алат.

--Алгачкы белгилери катары кургак жөтөл болуп эсептелет.

--Суук тийгизип, бронхит же гриппке кабылганда жөтөлө баштагандан көп өтпөй эле какырык бөлүнүп чыга баштайт. Коронавируста кургак жөтөл көпкө созулат.

--Бейтаптын дене табы Грипп же сасык тумоо учурундагыга караганда төмөнүрөөк болот. Мисалы, көпчүлүк учурда 39 градуска жетип-жетпей жүрө берет.

--COVID -19 менен ооруган адамдын дем алуусу оорлойт. Анткени бул илдет өпкөнү жабыркатып, пневмония илдетин пайда кылат.

--Коронавирус кичине балдар менен өспүрүмдөргө көп жукпайт. Ага көбүнчө 40 жаштан өтүп калгандар кабылууда. Ошондой эле дем алуу органдарында өнөкөт оорулары, жүрөк-кан тамыр илдеттери жана кант диабети барлар сак болуусу керек.

Белгилей кетсек, 11-март күнү кечке маал дүйнө жүзү боюнча вирусту жуктуруп аландардын жалпы саны 126 миңден ашты. Анын ичинен 4630 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости