www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалды

Жакында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгына кызмат адамы тарабынан коррупциялык багыттагы мыйзамга каршы иш-аракеттеринин жасалып жатканы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгына 30 жаштагы А.Б. аттуу жарандан арыз келип түшүп, анда Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берем деп 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы жана ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин (опузалап пара алуу)  негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын  жана  атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте  ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10-март күнү райондук соттун сот аткаруучу кызматкери  талап кылган акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган.

Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башында белгиленген 50 000 сом акча каражаты табылган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости