www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйдүн жанында митинг болду

Борбор калаадагы Ак үйдүн жанында “Караван” соода борборунун ижарачылары митингге чыгышты. Алар бийликке объектти электрондук аукциондон алып салуу жана аларды жумуш ордунан ажыратпоо талабы менен кайрылышты.

70ке жакын ижарачылар коронавируска байланыштуу ижара акысын жокко чыгарууну талап кылышты. Алардан соода бутиктерин 10 күндүн ичинде бошотуп, иштебегендигине карабастан, июнь жана июль айлары үчүн ижара акысын төлөшү керек деп талап кылышууда.

Нааразычылык акциясына чыккандарга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов жолукту. Ал ижарачылардын көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылаарын айтты.

“Караван” соода борбору соттун чечими менен экс-парламентарий жана Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Тюлеевден конфискацияланган. Ал 2017-жылы мамлекеттик менчикке кабыл алынган. Соода борборундагы соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн түшкөн негизги кирешени “Мүлк” мамлекеттик ишканасы алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости