www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында кызыктуу фактылар ачыкка чыгат. Бул тууралуу ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Кой-Таш окуясы боюнча журналисттерге комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, соттук отурумдар мыйзамдын чегинде өтүп жатат.
"Мага коюлуп жаткан айыптоолор боюнча менин күнөөм жок экендиги далилденерине ишенем. Жакында кызыктуу фактылар ачыкка чыгат. 70ке жакын күбө бар, бирге жүргөн кызматкерлер көрсөтмө беришет, аларды кээ бири жумуштарынан бошотулган, кээ бири иштеп жатат. Бул окуя боюнча видео далилдер бар, жакында сот отурумунда айтылат. Акыйкаттык мен тарапта болот деп ишенем", - деди К.Асанов.
Ал эми Кой-Таш айылындагы окуяларда пайда болгон кызгылт баштыкта эмне бар экендигин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден сураш керек деген пикирди кошумчалады.
Анын айтымында, баштык Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.
“Баштыкта эмне бар экендигин билбейм. Аны СОБР кызматкери алган, андан кийин ал Кундуз Жолдубаевага берилген. Андан кийин ал Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди", - деди Курсан Асанов.
Ал Кой-Таш окуясына туура бир жыл болгонун жана бул убакыт көз ирмемдей өтүп кеткенин белгиледи.
"2019-жылдын 7-8-август күндөрү тууралуу айтсам, анда кан төгүүнү болтурбоо үчүн күч аракетимди жумшагам. Биздин максат мурунку президт Алмазбек Атамбаевди тергөөгө алып келүү болчу. Ошондуктан өзүмө жоопкерчиликти алып, сүйлөшүүнүн негизинде Атамбаев өз эрки менен колго түшүп берген. Мен кылган ишиме өкүнбөм. Бул иш боюнча дагы жакында чындыктар ачыкка чыгат", - деди Асанов.
Белгилей кетсек, Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен алынган.
Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган. Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында жана коюлган айыптардын бардыгы негизсиз экенин айтып келет.
Булак: NazarNews.kg