www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат, меценат, «Улут жүзү» фондунун төрагасы Рустам Мамановду УКМК камакка алгандан бери дайынсыз болуп кетти. Каарманыбыз тили буруулар менен чырлашканы каңкууланган.
Эмне болгонун так кесе эч ким билбейт. Элине ак кызмат кылып, өнөр адамдарын, жардамга муктаждарды коштоп жүргөн Рустам мырза кай жерден жазды экен?
Бүгүн болсо, бүтүндөй республикабыз боюнча окуучулардын бирдиктүү мектеп формасын киргизгенин эстейбиз. Дал ушул инсандын демилгеси болчу. Ал атайылап кьлмышка бара турган жан эмес эле. Чагымбы, же жаза тайганбы, айтор, камалып кеткен боюнча тирүү же жансыз экени белгисиз. Учурда кабатырланган күйөрмандары арбын. Эмне үчүн элдин уулу мындай тагдырга туш болду?
Бийлик деле гумандуулук кылып, адилеттүү алкакта ишин караса болбойт беле? Ичинде кылдай да кири жок, боорукер Мамановду түрмөдөгүлөр кордоп, ак эмгек менен тапкан оокатын соруп атпады бекен? Аргасыздан баш чайкайсың. «Аргымак мыктысы кермеде, адам жакшысы түрмөдө» деген кеп да тегин жерден айтылбаса керек.
Булак: “Азия ньюс”