www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчылыкка Токтокүчүк Мамытовдун шайланышы жарандык коомдо чоң нааразылык жаратты. Буга байланыштуу социалдык түйүндөрдө жаңы Акыйкатчы менен депутаттардын дарегине демотивация кампаниясы күч алды. Алардын айрымдары төмөндө:
“Менин балам мектепке барганда, Токон Мамытов мектептин директору болот. Анан, мен өлсөм, Токон М. мүрзөнүн башчысы болот. Ал көмүү ырым-жырымдарына квитанция жазып берет. А силер баарыңар өлгөндө, Токон моргдун директору боло калат” – @haba0007
“Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн, карыганын билбеген акыйкатчылуу болдук. 79 депутатка наалат” – Аскар Омуралиев.
“Семиз АКҮЙКАТЧЫлуу болушуңар менен көңүл айтам!” – Абайнур Большевиков
“Чекистти “шайлашты”, үмүттү жайлашты!” – Авланбек Жумабаев
“А депутаттарга – кезектеги позор!” – Чолпон Жакупова
“Эч нерсе өзгөрбөптүр бизде!” – Асия Сасыкбаева
“Депутаттар өлүп эле алгыла. Элден бир нерсени көргөнү калдыңар”, – Мавлян Аскарбеков
“Добуш берем – тоолор болсун депутат...” – Азамат Абсаттаров
“Токон аке кыраакы оперативник, чекист эмеспи. Адам укуктары бузулаарда эле алдын алып, буздурбай туруп албаса болду” – Тынчтык Алтымышев
“Эртеден кечке Рита Карасаторваны, Канатбек Азизди убара кылып сүйлөтпөй эле, Акыйкатчы даяр экенин айтып коюшса болмок, ээ” – Шаиста Шатманова
“Коом, эгемендүү саясатчылар, граждандык лидерлер ЭЛДИК АКЫЙКАТЧЫ боюнча ойлонуп баштады...” – Равшан Жээнбеков
Булак: NazarNews.kg