www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эбепке себеп болмоюнча “көмүскөиштер” такыр чубалып чыкпасы белгилүү. Анын сыңарындай Кореядагы элчилик кызматты аркандаган Кылычбек Султандын маалымат жыйындагы билдирүүсү чак түштөгү чагылган сыяктуу чартылдады. Тышкы иштер министрлиги эле эмес ак үйдөгүлөр да чаң-тополоң түшүп калышканы даана байкалды. Министрдин орун басары Зуура Каденованын жоругу жөн гана шылтоо катары бааланууда. Тереңдеп кирген элчинин башка да көзгө сайып айтчу “уламыштары” бар экен.
Айрыкча элчиликтин этегин кармап кыңыр иштерди жасагандардын жоруктары боюнчаөзүнчө “детектив” токуп жиберсе болчудай. Ошондуктан кабатырлануу жаралган шекилди. Ажого жетчү кептин чети эле ушул болсо анда кымбат унааларды “адалдоого” кеткен каражаттан башка да омоктуу мисалдар жипке байланган окшойт. Бирок, ошого илешкендер үстүгө калкып чыгабы, же “гейттердин” бирине айланабы көрө жатарбыз. Учурда коомчулук эки чоң “лагерге” бөлүнүп алып элчи айткан маселени жиликтөөдө. Кайсыл тараптын таразасы салмактуу болорун убагы келгенде айтабыз, желикпей кое тургула?
Булак: "Ачык сөз"