www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын жылуулук борборуна кышкы сезон үчүн 239 миң тонна көмүр келип түштү. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган мекеменин маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирген.
Анын айтымында, жалпы 1 миллион тонна көмүр келиши керек. Калганы план боюнча кышында алынып келет.
25-сентябрда өкмөттүн атайын жыйынында Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев ЖЭБ алдыдагы күз-кыш мезгилине даяр экендигине ишендирген. Ал көмүрдүн 75% атамекендик, 25% импорттук болорун кошумчалаган.
Андрей Воропаев ошондой эле турбиналык цехти жылуулоо иштери 80%, ал эми чатыры дээрлик аяктаганын кабарлаган.
Жалпы кыш сезонуна 1 млн. тоннадай көмүр керектелсе, анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн алынып келет. Калган 400 миң тонна Казакстандан импорттолот.
Буга чейин казакстандан алынып келинчү көмүргө өткөн тендерди "Рассвет компани" ишканасы утуп алганы чуу жараткан.
Булак: NazarNews.kg