www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сабырбек Жумабеков:

Уран Темирбеков аттуу кыргызстандык жаран пневмонияга чалдыккан атасын ооруканага жаткыруу үчүн кандай кыйынчылыктарга туш болгонун жана ооруканадагы орундарды Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Сабырбек Жумабеков ээлеп койгонун айтып чыккан. Анын орундарды Сабырбек Жумабеков менен Саламаттыкты сактоо министрлиги "брондоп" койгон деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине академик Сабырбек Жумабеков билдирди.

"Жигиттин жазганын окудум. "Гансиде" иштеген кызматкерлерге байланышып, алардан сурасам атасы экөө ал жакка барбаптыр. Мен өзүм Бишкекте иштеп, бул жактан бошобой жатам. Балким, барса алгачкы ирет стационарды биз ачтык, ошондо ачылган 1-2 күн ажиотаж болуп, эл толуп, орун калбай калган. Барса, ошол күндөрү барышы ыктымал. Орун калбай калды деп мага бирөө да чалган эмес. Уранды да туура түшүндүм. Орун жоктугуна байланыштуу атасын кыйнап койгон болсок улуу башым менен Урандан, атасынан кечирим сурайм.

Бирок анын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Сабырбек Жумабеков орундарды ээлеп алган деген сөзү чындыкка дал келбейт. Орундарга кимдерди жаткыруу керектигин мен эмес, ошол жердеги дарыгерлер бейтаптын абалына, кырдаалга байланыштуу өздөрү чечишет. Алар атасы экөө азыркы учурда "Discovery" стационарында жатышыптыр. Саламаттыкты сактоо министрлигинен ушул күнгө чейин мага бирөө да чалып, орун камдап кой деп айткан эмес. Андай деп мага чалышпайт, менин мүнөзүмдү көпчүлүк билет, өзүм да бирөөгө антип чалбайм. Мага мындай иштер жакпайт.

Учурдан пайдаланып айта кетейин, биздин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата ачык эле чабуул, кара пиар жасалууда. Мисалы, карындашымдын, кызымдын, келинимдин дары-дармектерди дүңүнөн саткан фирмалары бар деп айрым ЖМКлар жазып чыгышты. Алардын айткандарынын баары калп! Алардын дарыларды дүңүнөн саткан фирмасы мындай турсун, дааналап саткан фирмасы да жок. Бул иштер ачыктан-ачык иниме (ред.: ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков) жана мага карата жасалып жаткан кара пиар. Мен 30 миң кишиге операция жасап, алардын батасын алганмын. Менин дарегиме акыркы учурларда жакшы пикирлер көп айтылып кетти. Ошонун баары кимдир-бирөөлөргө жакпай калды көрүнөт. Бизге чабуул жасап жаткандардын баарын Кудайга койдум", - деп сөзүн жыйынтыктады Жумабеков.

Эске сала кетсек, буга чейин Уран Темирбеков төмөндөгүдөй пост жарыялаган:
“27-июндарда атамдын дене табы жогорулап, чыйрыгып баштаган. Поликлинакага кайрылып ал жерде дарылап жатышты, бирок 30-июнь күнү абалы оорлошту. 1-июлда “Мемориал” госпиталында рентгенге түшүп, мен бир тараптуу пневмонияга, атам эки тараптуу пневмонияга кабылганыбызды билдик. Дарыгердин көрсөтмөсү менен үйдө дарыланып жаттык. Бирок атамдын абалы 3-июль күнү аябай оорлошуп кетти. Өзүмдүн ооруганымды унутуп коюп ,атамды сактап калуу үчүн шаарды түрө кыдырып оорукана издеп баштадым. Түштөн кийин Панфилов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги обсервациядан орун таптык. Ал жакта атамдын кан басымын өлчөп, керектүү кагаздарды толтурдук. Сатурацияны текшергенде пульсосиметр 50нү көрсөттү, бул өтүшүп кеткен абал экен, ситурациянын нормасы 90дон жогору болушу керек экен. Бизге ал жердегилер жасалма дем алдыруучу аппарат жок экендигин айтышып, аппарат бар жерге алып баргыла дешти”, – деп жазган Темирбеков.

Ал андан ары  бардык жерге кайрылганын бирок эч бир жер кабыл албай койгондугун айткан.

“Гансиге барууну чечтим, бирок баруудан мурда Сабырбек Жумабековго чалып тактайын дедим. Ал адам мага орун жок экенин айтып, башка жерди изде деди. Дароо эки мүнөттөн кийин эле Гансиде жаткан менин досум чалып, ал жакта орун бар экендигин айтты. Шашылыш жолго чыктык, жолдо атам өзү дем ала албай кыйналып жатты. Гансиге келип, досум жаткан корпустун дарыгерин таап сурасам “бул жерде орун жок, башка корпуска баргыла” деп койду, араңжан досум чыкканында дарыгер “кийлигишпе” деп өз палатасына жөнөттү. Ар бир корпустан ошол эле жоопту алып жаттык. Аягында мени угушсун деп кыйкырынып баштадым. Анан эмне болду дебейсиңерби? Ошондо гана атама орун камдашып, аппарат тагып, колума керектү даарылардын тизмесин карматышты. Анткени аларда көбү жок экен. Дароо шаарга чыгып мен даарыларды алып келгиче байкемдер аппарат алып атама тагып коюшуптур”, – деди ал.

Кийинчерээк ага бир дарыгер келип, дароо эле жардам көрсөткүсү келгендигин, бирок орундар Сабыр Жумабеков жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан “брондолгонун” айткан.

“Мен мындай Кыргызстанда жашаганыма таң калган жокмун. Ошол түнү мен пневмония менен унаамда уктадым, мага “же атаңыз гана жатат, же экөөңүздөр тең башка жерден орун издейсиздер” дешти. Таңкы 5те туруп ооруканадан жагымсыз көрүнүшкө туш болдум. Адамдар кичинекей бөлмөдө экиден жатышат, дааратканалар кир, коридордо адамдар ээн-эркин басып, аппаратты биринен алып бирине такканда  мурунга таккан жерин алмаштырбай эле колдонуп жатышты. Бул жерде эч кандай тазалык нормалары сакталбаганын көрүп, атамды алып кетүүнү чечтим”, – деп сөзүн жыйынтыктаган Темирбеков.

Дорогие друзья, сегодня мне немного лучше, температура спала, кашель проходит и вот начинаю вспоминать те страшные дни,...

Опубликовано Ураном Темирбековым Воскресенье, 12 июля 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости