www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик дарыгер короновирустан өзүн-өзү айыктырды

Хашим табып катуу ооруп, ары жакка кетип кала жаздады. Бирок Алланын амири менен өзүн-өзү айыктырыптыр. Элдик дарыгер Хашимдин кеңештерин NazarNews маалымат агенттиги окурмандарыбызга сунуштайбыз.

"Урматтуу замандаштар!!!

Дээрлик ушул жылдын башынан бери эле COVID-19 вирусу өтө патогендик таасирге ээ экенин айтып, кокус бизде жайылып кетсе, биздин саламаттык Сактоо системасы туруштук бере алабы? –деген суроону коюп, коомчулукка, ал тургай Кыргыз Өкмөтүнө чейин кайрылганмын. Анын себеби, менин университетте алган билимим, андан кийинки жылдарда топтогон билим бул вирусту молекулярдык деңгээлинен баштап түшүнүп, клетканы (айрык эпителийлик) кантип булүндүрө турган механизминдеринин логикалык моделин иштеп чыккамын. Вирустун геномунун РНК орт. Мутациялык вариабельносун карап чыгып, иммундук клеткаларынын кайсынысын “параллизация” кыла турганын түшүнүүгө аракет кылдым эле. Организмдин эң негизги “повреждение” ала турган респиратордук органдар, алардагы “хронический” оорулар деп түшүнүп, ошого жараша дарылоо протоколун иштеп чыгып, коомчулукка таркаткамын. Өткөн ишти эскерип жатканымдын себеби, бул вирустун патологиясы мен күткөндөн да ашып түштү.

Мен ойлогондой, эпителийлик клеткалар гана жабыр тартпастан, организм толугу менен жабыр тартат экен. Мен Сиздерге мына ушуну кенен-кесири баяндап берейин. Мага короновирус жугуп, физ.растворго глюконат кальций, димедрол, витамин В12 (цианобакламин) жана дексоматозон кошулган суюктукту ички венага капельница алып, чыйрыкканым жоголуп, туруп кеткемин.

Пациенттеримден тышкары эл аралап, короновирус менен ооругандарды дарылап жүргөмүн. Колум бошой калганда, чай пиалага кайнак суу куюп, ага чай кашыкта бөксөрөөк кылып соданы кошуп, үстүнө бир кесим лимонду сыгып, кошуп ичип жүргөмүн. Мурдагы тапшырылган анализдерде кандида сомнительный чыгып калгандыктан, 1 жума соданын р-рун ички венага алууну пландаштырган элем. Колум бошоп калганда, врачтан соданын растворун ички венага куюп коюсун сурандым. Алып бүткөндөн 1 саат өткөндөн кийин өзүмү өтө начар сезип, үйгө араң жеттим. Арадан канча убакыт өткөнүн так билбеймин. Эң оболу колум катый баштады, андан кийин бут тарап, чымыраган нерсе убакыт өтөөрү менен көкүрөккө келди, убакыт өткөн сайын акыл-эс бүдөмүк боло баштады. Көрүү начарлап, ал тургай жанымдагы колуму укалап отурган уулум деле түспөлдөнүп көрүнө баштады. Денедеги температура канчага көтөрүлгөнүн билбеймин. Колу-буттагы чымыраган оорулар акырындап отуруп көкүрөккө, андан кийин жүрөккө келип такалды. Ошол учурда эмне болгонун сезип, уулуму тезинен көк чай демдеп, жылымык кыл деп буйрудум. Өзүмдү кыйнап жатып, 1 литрден ашык ичтим. Арадан 10-20 мин. өткөндөн кийин жүрөктүн ачышканы басылып калды. Дем алуум ордуна келди. Уктабаганга аракет кылсам да, уйкуга кирип кеттим. Анык айта албаймын, уйкудан ойгонгондой болдум го чамасы, жанымда досум Керим бетиме, көкүрөгүмө муздак нерселерди тартып жаткан экен. Денем холодильниктен алып келип тарткан музду бинтке ороп, тартканын сезбеди. Муздатылган нерселерди бүтүндой денеме тартышып отуруп, температураны 38,7 түшүрүштү. Каныбек врач ички венага жогорудагы жазылгандай капельница куйду. Капельница алып бүткөндо башталган тер эртеси шамга чейин токтогон жок. Ар 3-4 саатта ич өтүп жатты. Чай ичсен, даамы бери турсун, анын табын араң сезесин. Көзүм уйкудан ачылбайт. Сыртка жарык түшкөнүн бир көрсөм, ойгонсом, караңгы түшкөн болот. Температура 38 ылдый түшбодү.

Балам же иним ойготуп, азиотромицин, эритромицин, цефлоксацин берет. Бул антибиотиктер температураны түшүрө албады. Ички венага 3 күн катары менен капельница куюшту. Акыркы 3-чүнү куйбай эле койгула десем, жардамчым кыстап атып, куйдурду. Бул куйганда мурдагыдай тердөөнү да пайда кылган жок. Тетирисинче, дем кысылуу пайда болду. Өзу ушул жетпей жатты эле деп наалыдым. Астагфирулла, жок дегенде эркин дем алып жатамын го деп ошого каниет кылдым. Эми ваннага же туалетке барганга чейин болсо да дем кысыла турган болуп калды. Сүйлөсөң 3-4 сөз араң сүйлөйсүң, дем кысылат. Суткасына 5-6 жолу ич өтөт, денеде кубат жок. Басуу бери турсун, кокус жөтөлүп калсаң, дем кысылып, жаның көзүнө көрүнө түшөт. Ооруганыма 5-6 күндон ашты. Температура түшсө 37,8 же андан жогору. Күндөн-күнгө абалым начарлап баратат. Ал тургай керээзимди айтып, запись жасатып койдум. Ашказан күнүгө 4-5 жолу ачышат. Ачышканда ысык чай ичемин, тамакка табит жок. Алдымда суроо туулду? Өлүмгө баш ийемби же жашоого аракет кылайынбы? Жараткан Аллахка тобокел кыламын, аракетти көрөйүн, берекесин Аллахым берсин деп чечтим. 1-чи орунда ичтин курулдап, ашказандын ачышканын басып, ич өткөндү токтотуу керек деп чечтим. Бул патология эмнеден улам болуп жатат деген суроо туулду. Бул патология чайды же тамакты ичкенде ооздо кайра иштелбей жатканынан улам болуп жатат деп түшүндүм. Себеби, чаңкоо катуу баскандан улам, чайды куртулдап эле ичип алып жаткамын. Ичип жаткан чайды аз-аздан ичип, оозумда белгилүү бир убакыт кармап, анан жуттум. Ушул көрүнүшкө маани берип, пайдалансам ашказандын ачышканы азайды, бирок ичегинин куулдап, ич өткөн токтогон жок. Эми аны кантип токтомун деген суроо туулду. Бул патология боордун начар иштеп жатканын көрүнүшү катары түшүндүм.

Ошондуктан боордун кызматтарын калыбына келтирүү зарыл деп тушүндүм. Ал үчүн эмне кылдым? Боордун ар түрдүү оорулары менен келген пациенттерди дарылап жүргөн дарыларды: боордун шишигин кичирейтчу дарылар, кара халиланын отварын, цикорийдин отварын ар бир 3 саатта иче баштадым. Бул процедура саат 10 башталган болсо, кечки саат 7 ден кийин ичтин курулдаганы басылды, кечке жуук ич өтүү токтоду.

Тамакка табит пайда болуп, курсак ачканы сезилип калды. Баламан Оштуктардын хордосун жасап берүүсун сурандым. Бул дарылоо 4-5 күнгө созулуп, жогорудагы айтылган патологиялардын баары жоголду. Эми менде тамакка болгон аппетит калыбына келди. Стул нормага түшүп, сийдиктин чыгуусу күчөду. Сийдиктин кызарып чыгуусу жоголуп, сары түскө өттү. Температура орточо 37,5 түшүп калды. Бул го көзгө корүнө турган оңолуу болду. Ал эми тамактын оорусу, демдин кысылып калуусу, кокус жөтөлсөм, демим кысылып калганы мурдагыдай болуп турду. Баш тез-тез ооруп, эске тутуу жөндөмдүүлүгүм түшуп кетти. Өзүмү сезүүм оор болуп турду. Эми ушул патологияларды кантип оңдосо болот деген суроого жооп издөө керек болду. Бул суроого жооп берүүдө озүмүн жеке оорумдун анамнезуна айта кетейин.

Мен 2004-жылы ушундай жай айларында грипп болуп калып, чаңкап кетип жолдон шоро иче койгомун. Ошентип, жок жерден тамагым фаррингит, тонзиллит деген ооруга чалдыгып, тамакка 14 жолу КУФ алгамын. Ушул күнгө чейин муздак нерсе иче албаймын, кээде тамак оорум кармап калат эле.

Короновирус жармашып, мени жыккан ушул илдет болду. Короновирус локализация болгон жер – ушул тамакта эскиден калган фаррингит менен тонзиллит болду. Эң оболу бул ооруну жоюу үчүн өзүбуз жасап жаткан Антибактериальдык препараттарды пайдаланып көрдүм. Бул дарыларды 2 кун пайдаландым – натыйжа бербеди. Менин алдымда эң эле оор маселе турду. Ал маселе вируска түздөн-түз таасир эте ала турган препарат таап чыгышым зарыл экен деп түшүндүм. Анын 2 вариантын карап чыктым. 1-чи варианты реактивный активный белок иштеп чыгуу керек. Бул ишти лабораторияда ишке ашыруу өтө кыйын, бирок жасап чыкса болот.

Активный белоктун, активный участогунун Ваандер-Вальстык тартылуунун коэффициенти COVID-19 белоктук оболочкасына жармаша турган 1-лик структурадагы белок -активаторду синтездеп чыгууну ойлонуп чыктым. Ал үчүн мен бутума туруп, лабораторияда иштешим керек. А менин азыркы абалым болсо ушундай, 3-4 кадам таштап эле буулуп каламын. 2-чи бир вариант, дары чөптөрдөн издөө болуп калды.

Көз алдымда Кыргызстандын дары чөптөрүн тизмелеп чыктым. Жок табылбады. Кокусунан өткөн жылы гепатитке карата -антивирустук дары иштеп чыгып жатканымда, Россияда өскөн авран деген өтө улуу келген дары чөп эсиме түштү. Жардамчымдан, мына ушул дары чөптөн отварь жасап кел деп сурандым. Ичкен учурумдан баштап, оозумда өңү сары келген коюланган суюктук пайда болду. Ар бир 2 саатта 1 аш кашыкта, антивирустук дары менен кошо, аралыгын 10-15 минуталык интервалда ичип жаттым. Ичкенден 20 мин. өткөндөн кийин, баягыдай эле – сары коюу суюктук пайда болот. Мына бугүн ичкениме 1 жумадай болуп калды, оозумда даам сезүү ордуна келди, кээде жөтөл болуп калбаса, күндөн-күнгө тамак оору жоголуп, басылып жатат. Алхамдулиллах, мына ошентип “локализациялык” борбордогу вирусту азайтууга мүмкүнчулүк ушул 2 дары аркылуу жүзөгө ашты.

Өзү берген дартына шифа берип жаткан Аллахыма мактоолор болсун!!! Эми чоң маселе COVID-19 вирусунун дагы бир патологиялык көрүнүштү пайда кылып, анын кесепетинен күнүгө 40-50 ашык адам мерт кетип жатат. Ал көрүнүштү – врачтар пневмония деп айтып жатышат. Чынында ахвал кандай? Чынында эле пневмониябы? Биз сиздерге ушуну түшүндүрүп берели. Дегинкисин айтканда, эмне үчүн ушунчалык көп адам – пневмония деген дарт менен өлүп жатат. Биздин бул жерде врачтар менен пикир келишпестигибиз бар. Сиздерге бул оорунун этиологиясын, клиникалык белгилерин жана симптомдору менен кошо айтып берейин. Эгерде менин жазган постуму окуп жүргөндор болсо, эсине түшүп калаар, өткөн жылы өнөкөттүк гепатит А нын кандай жана канчалык көп оорууларды пайда кылып жатканын айтып бергемин, жазгамын. Мен жазган постко эч ким маани берген эмес. Мына ушул пост ушунчалык маанилүү болуп чыкты. Врачтар өнөкөттүк гепатит А ны антитело иштелип чыккан, ал антитело гепатит А боорго жана организмге зыянын тийгизбей кармап турат – деп түшүнөт. Чынында, андай эмес. Гепатит А нын вирусу тынымсыз боордун жана башка органдардын функцияларын буза берет.

Мына ушул көрүнүш, мына ушул процесс короновирустун кесепетинен иммундук система начарлап калганда андан бетер күчүнө кирип, эң оболу кандын составын бузуп, анын ичинде кандын коюулануусун чакырып жатат. Организмде коюуланган кан эң оболу өпкөнүн альвеолдорун каптап турган капиллярдык кан тамырлардын өткөрүмдүүулүгү бери турсун, ал жерде тромбоэмболи́я пайда кылып, кан тамырлардын жарылып кетүүсүнө жеткирүүдө. Мына ушул патологиялык көрүнүштү пневмония деп түшүндүрүп жатышат. Сиздерге мындан ары дагы түшүндүрөйүн: менин өзүмдүн ооруман улам жана мен сыяктуу миңдеген ооруулардын патологиялык көрүнүшүнөн улам айтып жатамын; дем кысылуу же гипоксиялык көрүнүшкө кандын коюлануусу туздөн-түз алып келүүдө. Пневмониялык көрүнүшту жоюу үчүн, канды суюлтуу зарылдыгы келип чыгып жатат. Ички кан тамырдан гепариндин растворун куюу (капельница ар түрдүү ылдамдыкта берилет) менен орт. 5-6 сааттка гипоксияны снимать этсе болот. Ошондуктан ооруга чалдыккан бейтапка постелдик режим сунуш кылынат.

Өпкөнүн артериолдорун (майда капиллярларын) кантип сактап калса болот? Жогоруда кан суюлтулгандан кийин же ошол убакыттан баштап, витамин А түшкө чейин 2 маал, кечкисине витамин Е 2 маал ичсин. Аскарутин деген витамин бар, ошодон 1 капсуладан 2 маал ичкиле. Бул каралап жаткан рецепттерди кан тамырлардын жарылып кетпөөсү үчүн сунуш кылып жатамын. Ал эми канды кантип суюлтуу керек? Ал үчүн 1-чи орунда гепатит А патогендик таасирин блокадага алуу зарыл. Ал үчүн бизде бул гепатит А блокадага ала турган антивирустук препарат бар. Ошону пайдалангыла. Ушул препаратты пайдалануу менен кошо кайнатылып, муздатылган сууга бир пиалага (орточо 40-50 гр) сууга 3% перекистин 5-6 тамчылатып, кунүгө 3 маал ичкиле. Эгерде кимде-ким кайрылса, мындан башка да дарыларды берели, гепатит А блокадага алып, боорду ишке сала турган.

Баарыңыздардын кудайым өмүрүңүздөрдү сактасын!", - деген Хашим табыб.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости